21:38 20 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстан өлкө башчы Шавкат Мирзиёев. Архивдик сүрөт

Сапар Исаков: Мирзиёев Атамбаевди аэропортко өзү узатты

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапары (4)
134820

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгын чыгарды.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Өзбекстанга иш сапары менен барган президент Алмазбек Атамбаевди өлкө башчы Шавкат Мирзиёев аэропортко өзү узатты. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Сапар Исаков сапардын жыйынтыгын чыгарып жатып билдирди.

Анын айтымында, сапар жогорку деңгээлде өтүп, тараптар жолугушуунун жыйынтыгына ыраазы болгон.

"Күн мурун айткандай болбоюн, бирок учурда эки тараптуу иш-чаралар жогорку деңгээлде өтүп жатканын белгилегим келет. Айрым кемчиликтерди жойгондон кийин макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча эки айдан кийин брифинг өтөт", — деди Исаков.

Ал Атамбаев Шавкат Мирзиёевдин президент болуп шайланышынан кийин жолуккан биринчи өлкө башчы болуп саналарын белгиледи.

"Шавкат Миромонович Алмазбек Шаршеновичти аэропортко өзү узатты. Кыргыз делегациясы иш сапардын жүрүшүнө, жыйынтыгына ыраазы. Өлкө башчы бир айлык мөөнөт менен аткарыла турган тапшырмаларды берди. Баарын аткаруу үчүн күн-түн дебей иштейбиз", — деди атка минер.

Атамбаев Өзбекстанга 24-декабрь күнү иш сапар менен барган. Анын алкагында маркум Ислам Каримовдун мүрзөсүнө куран түшүрүп, Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тема:
Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон сапары (4)

Тема боюнча

Алмазбек Атамбаев Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүлчамбар койду
Жемиштүү сапар: жылуу мамиле, жаркын маанай, Атамбаев жана Роухани
Белгилер:
сапар, Шавкат Мирзиеев, Алмазбек Атамбаев
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ