23:52 23 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Коом

Дүйнөнүн ар бурчундагы жаңы жылдык балаты

Кыскача шилтеме алуу
677 0 0
  • Кыргызстандын негизги балатысынын отун жандыруу аземи 19-декабрда өттү
  • Барак Обама Вашингтондогу башкы балатынын отун жандыруу салтанатында сүйлөп жатат
  • Минскинин Октябрь аянтындагы балаты
  • Германиянын Дортмунд шаарындагы балатынын бийиктиги 45 метр
  • Москвадагы Кремлдин Собор аянтындагы балатыны кооздоп жаткан учур
  • Мексиканын Мехико шаарындагы 70 метрлик балатынын отун жандыруу аземи
  • Киевдеги София аянтындагы балаты
  • Улуу Британиянын Лондон шаарындагы балаты.
  • Испаниянын Мадрид шаарындагы Пуэрта-дель-Соль аянтындагы жаңы жылдык балаты
  • Рим шаарындагы Венеция аянтындагы  балаты
  • Варшаванын башкы балатысынын жанына чогулган эл
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстандын негизги балатысынын отун жандыруу аземи 19-декабрда өттү

Жаңы жылга саналуу гана күндөр калды. Кыргызстандын башкы балатысынын оту 19-декабрь күнү Бишкектин Ала-Тоо аянтында жанды. Ал эми башка өлкөлөрдүн балатылары кандай экендигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.

Балаты кооздоо салты Германияда башталган. Аны реформатор Мартин Лютер баштаганы айтылып жүрөт. 

1513-жылы Рождество алдында Лютер үйүнө келе жатып, асманда учкан жылдыздарды көрүп, аны бактын бутактарынын күйүп-жанганына окшоштурат. Үйгө кирип, столдун үстүнө балатыны коюп, чокусуна жылдызча илип коет.

Россияга балаты кооздоо салты Петр I падышанын арты менен келген, бирок император Николай II Биринчи дүйнөлүк согуш маалында аны "душмандын салты" катары кабыл алып, тыюу салып койгон. Революциядан кийин ал чечимди жокко чыгарышкан. 

Советтер Союзу маалындагы биринчи "коомдук" балатыны 1917-жылы 31-декабрь күнү Михайлов артиллериялык капчыгайында коюшкан. Бирок 1926-жылдан тарта балаты кооздоо кылмыш деп эсептелип, Советтер Союзуна каршы каада катары аталган.

1935-жылдын 28-декабрында "Правда" гезитине чыккан чакан макаладан кийин балаты кайрадан "тирилген" деп айтылат. Анда балдарга кандайдыр бир жаңы жылдык дарак менен майрам уюштуруп берүү демилгеси жазылган. Макалага Украинанын БК компартиясынын экинчи катчысы Постышев кол койгон. Ага Сталин макулдугун берген.

1935-жылы кооздолгон балаты менен биринчи балдар майрамы белгиленген.

Ал эми 1938-жылы Москвада 15 метрлик балаты коюлуп, 10 миң оюнчук менен кооздолгон.

Ала-Тоо аянтындагы негизги балатынын отун жандыруу аземин Sputnik Кыргызстан агенттигинин видеосунан көрө аласыздар >>

Тема боюнча

Бишкектин Түштүк дарбазасында жаңы жылдык балаты жанды
Бишкектин кайсы жеринен, канча сомго балаты сатып алса болот
Sputnik 360: Кыргызстандагы башкы балатынын жанышы
Белгилер:
кооз, дүйнө, балаты, Жаңы жыл
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ