"Бишкекасфальтсервис" 51 млн. сомго битум сатып алат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖол оңдоо иштери. Архив
Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендер 24-декабрда жарыяланып, мөөнөтү келерки жылдын 16-январында аяктайт.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" ишканасы битум сатып алуу үчүн тендер жарыялады. 

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана битум сатып алуу үчүн 51 миллион сом сарптоого даяр. 

Тендер 24-декабрда жарыяланып, мөөнөтү келерки жылдын 16-январында аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0