Шаардык мэрия "Чымчыктарды өз багыңарга чакыргыла" акциясын баштады

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүГөгүчкөндөр. Архив
Гөгүчкөндөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган акциянын алкагында мектеп окууучулары жыгачтан атайын чымчык уяларын жасашат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкек мэриясы чымчыктарды асыроого чакырууда.

Маалыматка ылайык, мэрия "Зеленстрой" ишканасы менен биргеликте "Чымчыктарды өз багыңарга чакыргыла" аттуу акцияны баштады.

"Учурда мектеп окуучулары тарабынан чымчыктарга жыгачтан уяларды жасоо боюнча программа даярдалып, "Зеленстрой" эскиздерин мектептерге берди", — деп жазылат маалыматта.

Шаардык мэрия чымчыктар зыяндуу курт, кумурскаларды жок кылып, дарактардын өсүшүнө чоң жардам кылаарын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0