Шашылыш билдирүү: тоолуу аймактардагы кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

© Фото / пресс-служба МЧС КРКар көчкүну атып түшурүү. Архив
Кар көчкүну атып түшурүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Транспорт жана жолдор министрлиги аталган кооптуу жолдорду убактылуу жабууну жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Эртеңден тартып кар көчкүну атайылап түшурүү иш-чаралары башталарын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-декабрдан 29-декабрга чейин Бишкек — Ош (132-137 жана 198-250-чакырым) жана Нарын — Казарман (44-45 жана 67-94-чакырым) автоунаа жолдорундагы кар көчкү коркунучу бар жерлерде атайылап түшүрүү иш-чаралары башталат.

"Кар көчкүнү атайылап түшүрүү иш-чараларына Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын артиллериялык расчету тартылат. Кар көчкү түшүрүлүп жаткан участок убактылуу жабылат, Бишкек — Ош унаа толугу менен жабылбайт", — деп жазылат маалыматта.

Транспорт жана жолдор министрлиги аталган жолдорду убактылуу жабууну жана коомдук тартипти сактоону камсыз кылат. Ал эми артиллериялык расчеттук иш-чаранын аякташына чейин тиешелүү медицина кызматкери коштоп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0