Бишкек — Ош унаа жолу бардык автоунаалар үчүн толугу менен ачык

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош жолундагы унаа. Архив
Бишкек — Ош жолундагы унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда "Сосновка" жана "Арал" посттору кадимки режимде иштеп жатат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жайыл районундагы "Сосновка" постунда автоунаалар үчүн коюлган бардык чектөөлөр алынганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу автоунааларга киргизилген чектөөлөр саат 10:00дөн баштап алынган.

"Азыр "Сосновка" постунан жүк ташуучу унаалар кезек-кезеги менен өтүп баштады. Ал жакта азыр 30дай машина турат. Ошондой эле, "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөөлөр алынып, токтоп турган унаалар жок", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМ Бишкек — Ош унаа жолу толугу менен ачык экенин айдоочуларга эскертет.

Белгилей кетсек, аталган посттордо жеңил автоунаалар түнкү саат бирден баштап өтүп баштаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0