Токтогул ГЭСиндеги 500 кВ кабели 10-январга чейин оңдолот

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул ГЭСинин кызматкерлери. Архив
Токтогул ГЭСинин кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кабелдин эскилиги жеткендиктен иштен чыккан. Кабелдин жарамдуу мөөнөтү 25 жыл болсо, ал 41 жыл иштегенин "Электр станциялары" ААКтан билдиришти.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Токтогул ГЭСинде иштен чыккан 500 кВ кабель болжолдуу түрдө 10-январга чейин оңдолуп, ишке кире турганын "Электр станциялары" ААКтан маалымат кзматы билдирди.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСинде 15-декабрда №2 агрегат иштебей калган болчу. 

"Адистер кабелдин күйүп кеткен жерин аныкташты. Адистер кабелдин 30 метр жерин алмаштырууну чечишти. Иштер күнү-түнү эки смена менен иштеп жатат", — деп маалымат кызматы билдирди.

Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тест: канткенде электр энергиясына аз акча төлөй алабыз
Токтогул ГЭСи керектүү болгон бардык кошумча жабдыктар менен камсыз болгон.

"Кабелдин эскилиги жеткендиктен иштен чыккан. Кабелдин жарамдуу мөөнөтү 25 жыл болсо, ал 41 жыл иштеген. Мындай кабелдер уникалдуу болуп саналат. Ал КМШ мамлекеттеринин ичинен Усть-Илимск, Нижнекамский жана Токтогул ГЭСтерине коюлган. Аны оңдоо үчүн Россиядан атайын адистер чакырылып, алар келе жатат", — деп айтылат маалыматта.

Токтогул ГЭСиндеги реабилитациялык иштерди аткаруу планынын негизинде 500 кВ кабелди алмаштыруу аракеттери жаз айларына пландалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0