Кара-Cууда элге мыйзамсыз берилип кеткен жер этникалык кыргыздарга кайтарылат

© Фото / Зульфия ТургуноваОш облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнөн Тажикстандын Мургаб районунан келген этникалык кыргыздарга бөлүнгөн 18 гектар жер
Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнөн Тажикстандын Мургаб районунан келген этникалык кыргыздарга бөлүнгөн 18 гектар жер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин этникалык кыргыздарга бөлүнүп берилген жердин 2,1 гектары жергиликтүү жарандарга мыйзамсыз берилип кеткен.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнөн Тажикстандын Мургаб районунан келген этникалык кыргыздарга 18 гектар жер бөлүнгөн. Бул тууралуу Ош облусттук прокуратурасынан кабарлашты. 

Бирок аталган жер тилкелери Алай районунун Сары-Могол айылынын жашоочуларына берилип кеткендиктен аталган жер этникалык кыргыздар менен талашка түшкөн. 

Натыйжада бул иш боюнча соттук териштирүү жүрүп, жыйынтыгында жети жаран жерге мыйзамсыз ээ болгону аныкталган. 

Жогорку Нарын каскады. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Русгидро" Кыргызстанды сотко бериши мүмкүн
Ал эми Ош облустук прокуратурасы этникалык кыргыздарга турак жай куруу үчүн жер тилкелердин мыйзамдуу берилиши боюнча текшерүү жүргүзгөн. Анда Мады айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан Алай районунун Сары-Могол айылынын 35 тургунуна 2,1 гектер жер берилгендиги такталган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Мады айыл өкмөтүнүн мыйзамсыз кабыл алынган токтомдорун жана жеке менчикке берилген мамлекеттик актыларды жокко чыгаруу боюнча облустук прокуратура тарабынан доо арыз келтирилген. 

Анын негизинде Ош облустук райондор аралык сотунун чечими менен Мады айыл өкмөтү тарабынан кабыл алынган мыйзамсыз токтомдор жана берилген мамлекеттик актылар толугу менен жокко чыгарылды.

Ал эми соттун чечими менен 2,1 гектар жер аянты айыл өкмөттүн балансына алынып, эми этникалык кыргыздарга берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0