Москвадагы өрттө элди сактап калган жигиттер сыйланды

© Фото / пресс-служба посольства КР в МосквеПожар на складе в Москве
Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Болот Отунбаев сыйлык тапшырып жатып оор кырдаалда активдүү жарандык позициясын, каармандыгын жана эрдигин көрсөткөн азаматтарга терең ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Жайында Москвада өрттөнгөн басмаканадан элди куткарып калгандар КР өкмөтүнүн ардак грамотасы менен сыйланышты. Бул тууралуу КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты. 

Эскерте кетсек, 27-август күнү Москва шаарындагы "Печатный экспресс" деп аталган басмаканада өрт чыгып, кырсыктан 14 кыргызстандык кыз-келин каза болгон. Анын кесепетинен 11 бала жетим калган. 

"Иш-чаранын алдында аза күтүү мүнөтү болду. Андан кийин элчи Болот Отунбаев оор кырдаал учурунда эрдик көрсөткөн азаматтарга терең ыраазычылык билдирди", — деп айтылат маалыматта. 

Өкмөттүн ардак грамотасы менен төмөнкү адамдар сыйланды: 

  • Абдыгапар уулу Азизбек;
  • Алимбек уулу Маматсабыр; 
  • Азамат Ахматов; 
  • Александр Борисов; 
  • Махамат Заиров; 
  • Юрий Лугвин; 
  • Марип уулу Таалайбек; 
  • Урматбек уулу Жоомарт; 
  • Александр Хван; 
  • Аширбек Шакиров.

Жаңылыктар түрмөгү
0