БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Окуучуну машина коюп кеткен эмес, ал маршруттук такси башка унаа менен кагышканда кулап түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Шаршемби күнү, 20-декабрда болжол менен саат 12.30дар чамасында Сүйөркулов көчөсүндөгү 16-үйдүн жанынан 7-класстын окуучусун машина коюп кеткени маалымдалган. Анда айдоочу окуя болгон жерден качып кеткени айтылган.
"Окуучу бала №172 маршруттук такси башка машина менен кагышканда андан кулап түшкөн. Ал үйүнө өз алдынча келген. Ал эми маршрутканын айдоочусу табылды", — деп Кайгуул милициясы билдирди.
Маршруттук таксинин айдоочусунун жанында айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыккан. Анын машинасы айып короого токтотулуп, тергөө амалдары уланууда.