Энергохолдинг: Токтогул ГЭСиндеги гидроагрегат атайын токтотулган

Жазылуу
Токтогул ГЭСиндеги иштен чыкты делген №2 генераторду текшерүү иштери уланууда. Учурда үч генератор штаттык режимде иштеп жатат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбековдун Улуттук энергохолдинг Токтогул ГЭСиндеги тетиктерди 450 миллион долларга оңдогонун айткан сынына мекеме жетекчисинин биринчи орун басары Нурлан Садыков жооп берди. 

Анын айтымында, 450 миллион доллар Токтогул ГЭСинин реконструкциялоого бөлүнгөнү менен ал каражаттын баары сарпталган эмес. 

"Депутат айтып жаткан 450 миллион доллардын чоо-жайын түшүндүрүп берейин. Негизи жалпы жонунан 475 миллион доллар каралууда. Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун биринчи фазасына 49 миллион доллар бөлүнгөн. Учурда анын 5 миллионуна жабдуулар заказ кылынды. 2017-жылдын апрель айынан баштап орнотула баштайт. Ал эми экинчи фазасына бөлүнгөн 250 миллион доллардын 100 миң долларын сынактарды уюштуруу, документация иштерине сарптадык. Үчүнчү фазага каралган 175 миллион долларга кол тийгизе элекпиз. Бүгүнкү күнгө карата айтсам, эки генераторго тендер өткөрүлгөн. Кытай менен Корея компаниялары утуп алган. Ошолор келишимдин негизинде керектүү жабдуулардын баарын 1-апрелде ГЭСке жеткирип беришет", — деди Садыков. 

Токтогул ГЭСи — асмандан жана ички көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСи — асмандан жана ички көрүнүшү
Маалыматка караганда ГЭСтин гидроагрегаты атайылап токтотулган.

"ГЭСте авария болгон жок. №2 генераторду текшерип көргөнүбүздө ишинде бир аз мүчүлүштүктөр пайда болуп, кабелдеринде өзгөрүүлөр башталганы байкалды. Ошол себептен анын иштөөсүн алдын ала токтотуп койдук. 1-2 күндө толугу менен текшерүү иштери аяктаса, так маалыматты беребиз", — деди орун басар.

Ошондой эле бүгүнкү күндө Токтогул ГЭСинде үч генератор нормалдуу режимде иштеп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0