Депутат: мектептерди айланчыктаган педофилдер көбөйүп кетти

Жазылуу
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Пархат Тулендибаев мектептердеги коопсуздук кызматкерлери имараттын ичин гана көзөмөлдөй турганын белгиледи.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Мектептердин айланасында педофилдер менен бейбаштар көбөйүп жатат. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Пархат Тулендыбаев парламентте ар кандай маселелер каралып жатканда билдирди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Пархат Тулендыбаев
Депутат Пархат Тулендыбаев - Sputnik Кыргызстан
"Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Пархат Тулендыбаев

Анын айтымында, мектептердеги коопсуздук кызматкерлери имараттын ичин гана көзөмөлдөйт.

"Акыркы күндөрү мектептердин жанында жүргөн бейбаштар, педофилдер көбөйүп кетти. Окуучулардын коопсуздугун сактоо үчүн билим берүү мекемесинин айланасын милиция кызматкерлери күзөтүшү керек", — деди депутат. 

Эл өкүлү маселеге олуттуу мамиле жасабаса, абал кооптуу болуп жатканын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0