Памир кыргыздарынын балдарын Кыргызстанда окутуу каралууда

© Фото / пресс-служба Государственной службы миграцииПамир кыргыздары. Архив
Памир кыргыздары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Памирде учурда 1500гө чукул этникалык кыргыздар жашайт. Кыргызстан аталган аймакка байма-бай жардам көрсөтүп турат.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында Мамлекеттик миграция кызматынын чакыруусу менен Кыргызстанга Афганистандан делегация келди. Сапар памирлик кыргыздардын балдары үчүн Кыргызстандагы окуу шартын жакшыртуу маселесин талкуулоону көздөйт. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Памирлик кичинекей кыз - Sputnik Кыргызстан
Туурулган беттер, куудураган колдор. Памирдеги кыргыздар
Делегацияны Бадахшан провинциясынын губернатору Ахмад Файсаль жетектеп келди. Сапардын алкагында вице-премьер Чолпон Султанбекова, ЖК депутаттары, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, Памирде 1500гө чукул этникалык кыргыздар жашайт. Кыргыз өкмөтү аталган аймакка байма бай жардам көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0