БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Википедиянын кыргызча баракчасына кыргыз тилинде 60 миңден ашуун макала жайгаштырылганы интернет-энциклопедиянын башкы бетинде айтылат.
Былтыр кыргыз тилинде чыккан макалалардын саны 53 миң болчу. 21-декабрга карата 60 034 макала болду.
Википедия 2010-жылдан тарта кыргыз тилиндеги макалалар менен жигердүү толуктала баштаган. Алгач болгону эки миң макала катталса, 2012-жылдын аягында алардын саны 21 миңге чукулдап барган. Ал эми 2015-жылдын соңунда 27 миң макала жайгаштырылган.