Өлкөдө сасык тумоонун мизи кайтты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жуманын ичинде медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны дээрлик эки эсеге төмөндөгөн.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Өлкө боюнча сасык тумоо менен ооругандардын саны азайганын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бир жуманын ичинде медициналык жардам сурап кайрылгандардын саны дээрлик эки эсеге төмөндөгөн.

"12-декабрга карата сасык тумоо менен ооруп кайрылгандардын саны 8735 болсо, 19-декабрга карата 5021 кайрылуу болгон", — деп айтылат маалыматта.

Азыр балдардын мектепке баруусу кадимки калыбына келип, Жалал-Абаддын Кара-Көл районунда — 1, Ысык-Көлдүн облусунун Ысык-Көл жана Ак-Суу райондорунда бирден мектеп, Талас облусунун Манас районундагы бир мектеп жабык турат.

Саламаттык сактоо министрлиги учурда эпидемиологиялык абал көзөмөлдө экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0