Нью-Йорктогу америкалыктар комуз черткенди жана кыргыз тилин үйрөнмөй болушту

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз
Кыргызские национальные музыкальные инструменты — комуз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-америка фонду 13 жуманын ичинде Нью-Йорктун тургундарын кыргыз тилинде сүйлөгөндү, комузда ойногонду үйрөтөт. Ошондой эле Кыргызстандын тарыхын айтып беришет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Нью-Йорктун тургундарына кыргыз маданияты, музыкасы жана мурасы менен жакындан тааныштыруу боюнча программа ишке кирди. Бул тууралуу Кыргыз-америка фонду Facebook баракчасында маалымдады. 

Снимок с видеохостинга Youtube пользователя AZA SYDYKOV. Пианист из Кыргызстана Азамат Сыдыков и американская оперная певица Николетта Раллис - Sputnik Кыргызстан
АКШнын опера ырчысы Чикагодо "Сагындым" ырын созуп, алкышка татыды
Маалыматка ылайык, программага бардык каалоочулар катыша алат. Иш-чаранын башкы максаты кыргыз маданияты менен салтын сактоо жана кыргыз искусствосун Америкада жайылтуу болуп саналат. Программада Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили, комуз үйрөтүу сыяктуу иш-чаралар камтылган. Акыркы сабактар Манхэттен жана Бруклинде өтөт.

Кыргыз-америка фондунун президенти, пианист Азамат Сыдыков белгилегендей, аталган демилге боюнча АКШ жарандарынан бир нече билдирмелер келип түшкөн. Негизинен алар иш боюнча Кыргызстанга кетүүнү пландап жаткандар.

"Кыргызстан жана Борбордук Азия акыркы убактарда АКШнын академиялык жайларынын өкүлдөрүн, ошондой эле жөнөкөй жарандарды өзүнө көбүрөөк тартып келет. Биздин фонд кызматташып жаткан бир нече университеттерде Россия, Евразия жана Борбордук Азия ны окуп үйрөнүү боюнча факультеттер бар. Ушул жагынан алганда биздин программа өлкөнү жана маданиятты таанытууда чоң роль ойнойт", — деди Сыдыков.

Курстун мөөнөтү 13 жуманы түзөт, тактап айтканда, сабактар жумасына эки жолу өтүлүп, үч айга чейин созулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0