"Чубак Сатаев" фонду балдарга жаңы жылдык майрам тартуулады

© Фото / АйдарТалгарбеков"Чубак Сатаев" фонду балдарга жаңы жылдык майрам тартуулады
Чубак Сатаев фонду балдарга жаңы жылдык майрам тартуулады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Чубак Сатаев" атындагы коомдук фонду жардамга муктаж балдарды чогултуп, жаңы жылдык белек тартуулап, концет уюштурду.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. "Чубак Сатаев" коомдук фонду Бишкекте "Балдарга майрам тартуула!" аттуу жаӊы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөргөндүгүн фонд жетекчиси Кубаныч Сатаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

© Фото / АйдарТалгарбеков"Чубак Сатаев" коомдук фонду Бишкекте "Балдарга майрам тартуула!" аттуу жаӊы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрдү
Чубак Сатаев коомдук фонду Бишкекте Балдарга майрам тартуула! аттуу жаӊы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Чубак Сатаев" коомдук фонду Бишкекте "Балдарга майрам тартуула!" аттуу жаӊы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрдү
© Фото / АйдарТалгарбековБул иш-чараны өткөрүү менен фонд мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрам тартуулоону максат кылган.
Бул иш-чараны өткөрүү менен фонд мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрам тартуулоону максат кылган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул иш-чараны өткөрүү менен фонд мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрам тартуулоону максат кылган.
1/2
"Чубак Сатаев" коомдук фонду Бишкекте "Балдарга майрам тартуула!" аттуу жаӊы жылдык кайрымдуулук акциясын өткөрдү
2/2
Бул иш-чараны өткөрүү менен фонд мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрам тартуулоону максат кылган.

Анын айтымында, бул иш-чараны өткөрүү менен фонд мүмкүнчүлүгү чектелген жана социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына майрам тартуулоону максат кылган.

"Интернет аркылуу сурамжылоо жарыялаганбыз, ошонун негизинде анкета толтурган балдарды чакырдык. Кичине кезинде ар бир бала Аяз атадан белек күтөт эмеспи. Буга байланыштуу белек алып берүүгө ата-энесинин чамасы жетпеген жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык майрам тартуулайлы дедик. Быйыл 50 балага белек берүүгө жетиштик. Келерки жылдары балдардын санын көбөйтүп, республикалык деңгээлде акция кылабыз деген тилегибиз бар", — деди Сатаев. 

Маалыматка караганда кечени уюштурууга Кыргызстан Профсоюздар федерациясы, Эмгек жана социалдык мамилелер академиясы кол кабыш кылган. 

Балдар үчүн атайын таттуу белектер, кызыктуу китептер, майрамдык дасторкон камдалган. Аяз ата, Аяз кыздын коштоосунда ыр-бий, конкурстар уюштурулуп жаңы жылдык шоу программа тартууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0