БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтына унааларды токтотууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, мындай чара мэриянын оозеки айтылган буйругунун негизинде ишке ашып жатат. Тыюу жаңы жылдык майрам учуруна карата кабыл алынган. Канчасына чейин күчүндө болору айтылган жок.
Мындай чектөө "Ала-Тоо" аянты менен чыгыш тараптагы унаа токтотуучу жайларга киргизилген ("Ала-Тоо" кинотеатры менен арт-галереяга жакын).
Муну менен катар Кайгуул милициясы унааларды Раззаков көчөсүнө же Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына токтотууга болор-болбосун айткан жок.