Казылардын орун басарлары менен баш имам хатибдер шайланат

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКоран и четки
Коран и четки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка катышуу үчүн 18 талапкер тиешелүү документтерин тапшырган.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстанда облустук, шаардык казылардын орун басарлары жана райондук баш имам хатибдер шайланат. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди. 

Анын айтымында, талапкерлер Бишкек, Ош шаарлары жана Талас облусунун казысынын орун басарлыгына ат салышат. Андан сырткары, райондордун баш имам хатибдери дагы тандалып алынат. 

"Казылардын орун басарлары менен баш имам хатибдер сынак аркылуу тандалат. Ал үчүн муфтият атайын 12 адамдан турган комиссия түзгөн. Аталган сынакка катышуу үчүн 18 талапкер тиешелүү документтерин тапшырды", — деди Максат Атабаев. 

Сынак 26-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0