21:22 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Медициналык академиянын имараты. Архив

Медакадемияда окуу мөөнөтү узарышы мүмкүн

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
235619

Саламаттык сактоо министрлиги атайын адистиктер үчүн медакадемия студенттердин окуусун 7-9-жылдын ордуна 11 жылга узартууну ниет кылууда.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги атайын адистиктер үчүн окуган Медициналык академиянын студенттеринин окуу мөөнөтүн узартууну ниет кылууда. Дипломдон кийинки медициналык билим берүү тууралуу жобо коомдук талкууга коюлду.

Документке ылайык, жалпы практикалык дарыгерлердин ординатурада окуу мөөнөтү мурдагыдай эле эки жыл бойдон калат. Ал эми атайын адистик үчүн окуу мөөнөтү мурдагыдай эки жылдын ордуна 3-5 жылга чейин узартылат. 

Ошону менен бирге интернатура жокко чыгарылат. Мурда атайын адистерди даярдоо үчүн 7-9 жыл керектелсе (6 жыл — жалпы даярдоо, 1 жыл интернатура жана айрым адистиктер үчүн 2 жыл ординатура), азыр 8-11 жылга чейин узартылышы мүмкүн.

Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 80 пайызын аймактардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна бөлүштүрүү пландалууда. Ал жакта эки жыл кызмат өтөгөндөн кийин гана өздөрү тандаган адистик боюнча ординатурага тапшыра алышат.

"Бүтүрүүчүлөр бир жылдык интернатураны артык көрүп ошого ылайыктуу адистиктерди тандап жатышат. Бирок бир жылдын ичинде мыкты адис болууга мүмкүн эмес. Мындан сырткары, кыска мөөнөттүн ичинде атайын адистикке ээ болуу мүмкүнчүлүгү турганда бүтүрүүчүлөр жалпы практикалык дарыгердин (үй-бүлөлүк дарыгердин) окуусун тандашпайт", — деп айтылат жобонун негиздемесинде.

Эгер документ күчүнө кире турган болсо, анда кайрадан абал пропорционалдуу болот. Минималдуу мөөнөттүн ичинде, тактап айтканда студент 8 жылда жалпы практикалык дарыгер боло алат. Ал эми потенциалдуу атайын адистик үчүн дагы бир нече жыл эмгектенүүгө туура келет.

Бирок, студенттер өздөрү бул жаңы өзгөртүүлөргө шыктанган жок. Кыргыз-орус славян университетинин алтынчы курсунун студенти Малика Сулумова жана көптөгөн студенттер буга каршы чыгышты.

"Өзүбүз тандаган атайын адистикке ээ болуу үчүн биз эки жыл поликлиникада иштешибиз керек экен. Мен тезирээк окууну бүтүрүүнү каалап жатсам, дагы эки жыл кошулуп жатат. Эгер мен кардиолог болгум келсе, анда поликлиникада отуруп өзүмдүн адистигим боюнча дагы, пульминология жана башкалар боюнча дагы бейтаптарды кабыл алууга туура келет. Бул эки жыл ашыкча", — деди студент.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча аталган системага өзгөртүүлөрдү киргизүү медицина тармагындагы даярдоо сапатын жогорулатып, эл аралык талаптарга жооп берген билим берүү стандарттарына жакындатат. Ошондой эле жаштарды "үй-бүлөлүк дарыгер" адистигине кызыктыра баштайт. 

"Азыр үй-бүлөлүк дарыгерлерге артыкчылык берип жатабыз. Анткени көпчүлүгү атайын адистикке ээ болууну каалагандыктан, республика боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер азайып кетти. Өзгөчө аймактарда байкалат. Бүтүрүүчүлөр мажбурлоо ыкмасы менен бөлүштүрүлүп 2-3 жыл айылдарда иштейт. Андан кийин кете алышат", — деди Саламаттык сактоо министрлигинин Кадр иштери жана медициналык билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Ибраева.

Медициналык-маалыматтык республикалык борборунун маалыматына ылайык, 2016-жылдын башында Кыргызстан боюнча 1480 үй-бүлөлүк дарыгер бар экени эсептелген. Алардын 79 пайызы пенсия алдындагы жана пенсия жашындагы дарыгерлер, жаш кадрлар жокко эсе.

Гульмира Ибраеванын айтымында ведомство адистердин компетенциясынын каталогун даярдап жатат. Анда ар бир адистик үчүн ординатуранын мөөнөтү жазылат.

Тема боюнча

Медакадемия 40 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү тууралуу китеп чыгарды
Белгилер:
адистик, дарыгерлер, мөөнөт, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ