Бишкекте жыл ичинде 540 жайма базар жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековМусор на городских рынках Бишкека
Мусор на городских рынках Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык администрациялар борбор калааны жаңы жылга даярдап, жайма базарларды чектеп жатат. Мындан тышкары, мыйзамсыз сакталып турган дары-дармектерди аныктоо үчүн рейддер жүрүүдө.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкекте үстүбүздөгү жыл ичинде 540 жайма базар жабылганын Ленин райондук администрациясынын жетекчисинин орун басары Адилет Малдыбаев билдирди. 

© пресс-служба мэрии города Бишкек Улук ШамбетовЛенин райондук администрациясынын жетекчисинин орун басары Адилет Малдыбаев
Первы­й заместитель главы Л­енинской районной адм­инистрации Адилет Малдыбаев - Sputnik Кыргызстан
Ленин райондук администрациясынын жетекчисинин орун басары Адилет Малдыбаев

Анын айтымына караганда, жыл башынан бери жайма базарларды жок кылуу маселеси бир нече ирет каралып, талкууланган. 

"Жайма базар борбор калаа үчүн чыныгы көйгөй болуп эсептелет. Биз бул маселенин үстүндө катуу иштеп жатабыз. Көйгөйлүү аймактардын бири катары Ош базарынын аймагы болуп эсептелет. Жалпысынан алганда жайма базарга каршы күрөш кыйла күчөтүлдү. Бул боюнча иштер жума сайын дем алыш күнгө карабастан жүрүп турат", — деп билдирди Малдыбаев. 

Мыйзам бузуу катталып калса протокол түзүлүп, айыпталуучу сотко чакыруу алат. Эгер сот сатуучуну күнөөлүү деп тапса, ага эки миң сом айып пул салынат. 

Глава Сузакского айыл окмоту Аскарбек Сариев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Аскарбек Сариев: Сузак районунда жума базарга тыюу салынды
Маалыматка караганда, жайма базарларды аныктоого багытталган күчөтүлгөн рейд эки жумадан бери жүрүп жатат. 

Мындан тышкары, муниципалдык кызматтар дары-дармекти мыйзамсыз саткандарды аныктоо үчүн атайын рейд өткөрүүдө. Акыркы рейд Кулиев көчөсү менен "Берекет" базарынын аймагында жүргүзүлүп, натыйжада аталган аймакта иштеген бардык сатуучулар лицензиясыз иштеп жатканы белгилүү болгон. Ошондой эле Ош базарынын аймагынан дары-дармек сакталган үч кампа табылган.

Күчөтүлгөн текшерүүлөр жаңы жыл кирип келген күнү дагы уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0