Статком: быйыл курулуш иштери Ошто көп болсо, эң азы Нарында катталды

© Sputnik / Табылды КадырбековСтроительство жилых домов в Бишкеке
Строительство жилых домов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылы жалпы аянты 654,5 миң чарчы метрди түзгөн 5556 турак үй колдонууга берилип, 2015-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга көп болду.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Өтүп бара жаткан жылдын январь айынан октябрга чейинки аралыгында турак үйлөрдүн колдонууга арбын берилиши Ош облусунда байкалганын Улуттук статистикалык комитет билдирди. 

Бишкеке көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы үйлөрдү түрттүрүү — таңуулообу же заман талабыбы
Маалыматка караганда, быйылкы жылы жалпы аянты 654,5 миң чарчы метрди түзгөн 5556 турак үй колдонууга берилип, 2015-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 6 пайызга көп болгон. Муну менен катар чыгымдар 10 пайызга төмөндөп 10,5 миллиард сом үнөмдөлгөн. 

Бишкек, Ош жана Баткен шаарларын кошпогондо Кыргызстандын көпчүлүк бөлүктөрүндө турак үйлөрдү колдонууга берүү былтыркы жылдын 10 айына салыштырмалуу кыйла жогору болгон. 

Ош облусунда — 146 миң чарчы метр, Бишкек шаарында — 122, 4 миң, Чүй облусунда — 112, 1 миң жана Жалал-Абадда 103,3 миң чарчы метр колдонууга берилген. 

Баткен менен Ысык-Көл облустарында курулуш иштери 41 миң чарчы метрди түзүп бирдей көрсөткүчтү көрсөткөн. Талас облусунда — 39 миң чарчы метр. Эң аз курулуш иштери Нарын облусу (25,5 миң чарчы метр) менен Ош шаарында (23,2 миң чарчы метр) катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0