Бишкекте бүгүн жаңы жылдык башкы балатынын оту жанат

© Sputnik / Табылды КадырбековУкрашении главной ёлки на площали Ала-Тоо в Бишкеке
Украшении главной ёлки на площали Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылдык иш-чаралар 25-декабрдан тарта калаанын бардык райондорунда өткөрүлө баштайт.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык башкы балатынын оту бүгүн саат 19.00дө жанат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, майрамдык программалар башкы балатынын күйүшү менен башталат. 

"Бүгүн балатынын жанышы концерт жана бий флешмобу менен коштолот", — деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, жаңы жылдык иш-чаралар 25-декабрдан тарта калаанын бардык райондорунда өткөрүлө баштайт.

Кыргызстандын башкы балатысы кантип жанганын Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0