Дүйшөмбү күнү Бишкектин айрым жерлеринде жарык өчүрүлөт

Жазылуу
Жарык борбор калаанын айрым жерлеринде саат 9.00дөн кечки 18.00гө чейин үзгүлтүккө учурайт.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Бишкектин айрым жерлеринде электр кубатын берүү үзгүлтүккө учурайт. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Маяковский, Витебск, Элебесов, Сеченов көчөлөрүндө жарык саат 9.00дөн кечки 18.00гө чейин берилбейт. Бул аймактарда электр өткөрүүчү линиялардын тирөөчтөрү алмаштырылат.

Мындан сырткары, Жантөшев, Юнусалиев, Ахунбаев, Скрябин, Белорусский, Кропоткина, Кара-Дарыя, Карасаев көчөлөрүндө эки саатка чукул убакыт жарык өчүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0