Эмил Раев: ТНТ телеканалында оператор болгонго чейин эки жыл полун жууп иштедим

© Фото / Александр БлинскийТНТ телеканалынан көпчүлүк күтүп көргөн "Интерны", "Универ", "Саша Таня", "Бородач" жана "ХБ шоу" сериалдарын тарткан топтун оператору Эмил Раев
ТНТ телеканалынан көпчүлүк күтүп көргөн Интерны, Универ, Саша Таня, Бородач жана ХБ шоу сериалдарын тарткан топтун оператору Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москвада көчө шыпырып, пол жууп, эмгек жолун баштаган Эмил Раев учурда ТНТ телеканалынан көпчүлүк күтүп көргөн "Интерны", "Универ", "Саша Таня", "Бородач" жана "ХБ шоу" сериалдарын тарткан топтун оператору болуп иштейт.

Өмүрүндө колуна камера кармап көрбөгөн карапайым кыргыз жигити популярдуу сериалдарды кантип тартып калганын журналист Эламан Карымшаков анын өзү менен байланышып, ушул суроонун тегерегинде маектешти. 

— Москвага кандай жумушта иштейм деп бардыңыз эле? 

— Мен 2007-жылы эл катары эле жумуш издеп келгем. Эч ким мени жылуу-жумшак орун даярдап күтүп алган эмес. Башында курулуш тармагында, булочка бышырган жерде, жада калса көчө шыпырып да иштедим. Дем алыш күндөрү күнүмдүк жумуштарда иштеп келчүмүн. Бир күнү ошондой жумушка барсам ТНТ телеканалында пол жууп, эшик-терезе аарчып, иши кылса тазалаш керек экен. Ал жерде үч күн иштегенден кийин директору чакырып, туруктуу жумушка аларын айтты эле дароо макул болдум. 

© Фото / Александр БлинскийЭмил Раев "Универ" сериалынын актеру Арарат Кещян менен
Оператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Эмил Раев "Универ" сериалынын актеру Арарат Кещян менен

— Туруктуу иштегенде деле телеканалдын ичин тазалап-жыйнап жүрдүңүз да? 

— Ооба, келип эле оператор болуп калды дейсизби (күлүп). Телеканалдын ичинде эки жылга чейин жууп-тазалоочу каражаттарды кармаганым болбосо, камера колума тийген жок. Бирок бул жылдар аралыгында кино тарткан чыгармачыл топ менен таанышып, жакшы мамиле түзө алдым. Кара жумуш жасасам дагы атактуу адамдар менен жүргөнүмө сыймыктанчумун.

— Анан пол жууп жүргөн Эмил оператор болууга кантип жетишти? 

— Орто мектепти бүтүп эле Москвага келгем. Жогорку окуу жайга тапшыра албадым. Бирок операторлукка мурунтан кызыгуум бар болчу. Бошоп калсам эле тартуу иштери жүрүп жаткан жерге барып, камераларын көтөрүшүп жардам беримиш болуп, айланчыктап жүрө бердим. Бир күнү оператор болууга кызыгаарымды айтсам, өздөрүнүн тобуна кошуп алып үйрөтө башташты. Кудай бешенеме жазган экен жети жылдан бери оператор болуп келе жатам. 

© Фото / Александр БлинскийРаев "Универ" сериалынын актрисасы менен
Раев Универ сериалынын актрисасы менен - Sputnik Кыргызстан
1/3
Раев "Универ" сериалынын актрисасы менен
© Фото / Александр БлинскийЖыйын учурунда
Жыйын учурунда - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жыйын учурунда
© Фото / Александр БлинскийТНТ каналындагы кесиптештери менен
ТНТ каналындагы кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
3/3
ТНТ каналындагы кесиптештери менен
1/3
Раев "Универ" сериалынын актрисасы менен
2/3
Жыйын учурунда
3/3
ТНТ каналындагы кесиптештери менен

— Учурда кайсы сериалдарды тартып жатасыздар? 

— "Универ", "Саша Таня", "Домашний адрес" деген сериалдарды алты оператордон түзүлгөн үч өзүнчө топ тартат. Мен дем алышсыз иштегендиктен ошол үч топко тең кошулуп алгам. Кээде кантип жетишип жатам деп өзүмө таң берип кетем. Иш графиги 9.00дөн 21.00гө чейин созулат. Андан ашып кетсе саатына 750 рублдан кошумча төлөнөт. Алдыңкы маяна алгандардын катарындамын. Суммасы сыр болсун.

— Жети жылдан бери иштеп, биз көргөн киножылдыздар досуңуздай эле болуп калышса керек?

— Алар өздөрүн жылдыз сезбеген, жөнөкөй, шайыр адамдар. Менин улутума, кара жумуш жасаганыма карап мамиле жасашкан жок. Кадимкидей тамашалашып, досундай кабыл алышты. Биринчи келгенде тил билбей бир топ кыйналгам. Анда дагы мени түшүнүүгө аракет кылып үйрөтүшөр эле. Ошолорду көрүп "жөнөкөй болсоң, көп нерсеге жетесиң" деген сөзгө ынанып калдым. Алар биздин беш бармакка көп кызыгышат. Арасында Кыргызстанды көрүп келгендери дагы бар.

© Фото / Александр БлинскийЭмил Раев: эки-үч жылдан кийин Кыргызстанга биротоло кетем. Учурда Өзгөн, Ош шаарларына чакан чайхана ачып жатам. Ал ишке ашып калса бизнес менен алектенип, ага улай эле кино тартып, продюсерликти аркаласам деген пландарым бар
Оператор телеканала ТНТ из Кыргызстана Эмил Раев - Sputnik Кыргызстан
Эмил Раев: эки-үч жылдан кийин Кыргызстанга биротоло кетем. Учурда Өзгөн, Ош шаарларына чакан чайхана ачып жатам. Ал ишке ашып калса бизнес менен алектенип, ага улай эле кино тартып, продюсерликти аркаласам деген пландарым бар

— "Кинонун каармандары менен сүйлөшүп берчи, автограф алып, сүрөткө түшүп алайын" деп сурагангандар болобу?

— Андай мүмкүнчүлүктү көп эле дос-тааныштарыма түзүп бердим. Кээ бир ишенбегендерди алып келип актер, актрисалар менен жолуктуруп койчумун. 

— Сиздер тарткан сериалдар комедия жанрында болгондуктан тартылуу учурунда кызыктуу окуялар көп болсо керек?

Чехиянын Прага шаарындагы Банк институтунда Евробиримдиктин Эразмус Мундус долбоору аркылуу окуп жаткан кыргызстандык студент Айгерим Темирбекова - Sputnik Кыргызстан
Чехияда окуган Айгерим: 1000 евро стипендия алып, бай чехтердин катарындамын
— Ооба күнүгө бири-бирине окшобогон күлкүлүү окуяларды көрүп турабыз. Бир жолу жумуш убактысы аяктап чарчап турганбыз, Антондун ролун аткарган Станислав Ярушин аткарып жатканда күлө берип сегиз дублга чейин тарттык, тогузунчусунда дагы күлүп жиберди эле, жиним келип орусча-кыргызча аралаштырып сөктүм. Күнөөсүн билдиби, сөккөнүмө терикпей жакшы аткарып калган. Анан сериалдын кээ бир эпизоддоруна катыша турган адам келбей калса, ордуна мен ойноп коём, актердук талантым дагы бар.

— Ал жерде дагы канчага чейин иштейсиз? 

— Эки-үч жылдан кийин Кыргызстанга биротоло кетем. Учурда Өзгөн, Ош шаарларына чакан чайхана ачып жатам. Ал ишке ашып калса бизнес менен алектенип, ага улай эле кино тартып, продюсерликти аркаласам деген пландарым бар. 

Жашым 29да, Кара-Кулжа районунун Тоготой айылында туулуп өскөм. Үй-бүлөлүүмүн келинчегим иштебейт, ал мени үйдө тамак-аш, таза кийим-кече менен камсыздап турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0