Дүйнөдөгү жүздөгөн учкуч депрессиядан жабыркай турганы аныкталды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүУчкучтар. Архив
Учкучтар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөгө катышкан 75 катышуучу акыркы эки жумада алардын оюна өлүм жана өзүнө өзү кол салуу сыяктуу ой келгенин айтышкан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Дүйнөдөгү 200дөн ашуун учкуч депрессия менен жабыркай турганын айтып, бирок жумушуна байланыштуу дарыгерлерге кайрылуудан баш тартышкан. Мындай жыйынтык BioMed Central басылмасынын сурамжылоосунан улам келип чыккан деп жазат РИА Новости.

Иликтөөлөргө ылайык, учак айдаган 1848 учкучтун ичинен 233ү (12 пайыз) депрессия боюнча тесттен өтүп, алардын аталган оору менен жабыркай турганы далилденген. 

"Иликтөөгө катышкан 75 катышуучу акыркы эки жумада алардын оюна өлүм жана өзүнө өзү кол салуу сыяктуу ой келгенин айтышкан", — деп жазылат иликтөөдө.

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй депрессияга узак убакытка созулган иш күн, дарыгерлерге ишеничтин жоктугу, жумуштан айрылып калуу коркунучу себепкер болгон. 

Иликтөөнүн авторлору авиакомпанияларга өздөрүнө жоопкерчилик алып учкучтарын медициналык карооодон өткөрүп турууну сунуштады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0