БИШКЕК, 15-дек.— Sputnik. Жалал-Абадда 120 имам квалификациясын жогорулатуу боюнча семинардан өтүп жатканын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алкагында дин кызматкерлери фыкх, хадис, ислам тарыхы, пайгамбарлар тарыхы, дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат, акыйда, куран, иш кагаздары, имамдардын этикасы жана риторика боюнча кеңири маалыматтарга ээ болушат.
Семинарга Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин мүчөсү Сайдамир Жейналиев, Кара-Балта шаарындагы Ислам институтунун жетекчиси Садибакас Доолов сабак беришип, тажрыйба бөлүшөт.
Эскерте кетсек, аталган семинар "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, "Дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн жана билим деңгээлин жогорулатуу" долбоорунун алкагында өтүүдө.