Текебаев Сузак менен Базар-Коргонго шаар статусун берүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын картасындагы боз үйдүн моделдери. Архив
Кыргызстандын картасындагы боз үйдүн моделдери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда учурда жалпысынан 31 шаар бар.

БИШКЕК, 14 дек — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев премьер-министрге Сузак жана Базар-Коргон айылдарына облустук маанидеги шаар статусун берүү боюнча кат менен кайрылды. Бул тууралуу саясий уюмдун сайтында маалымдалды.

Текебаев региондорду өнүктүрүүдө аймактарга укуктук статус берүү жакшы таасир этерин белгиледи.

"КРдин административдик-аймактык түзүмү тууралуу" мыйзамынын 6-беренесине ылайык Сузак жана Базар-Коргон айылдары шаар категориясына толугу менен жооп берет", — деп айтылат катта.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев маалымат жыйында - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Текебаев тууралуу: кимдир бирөө доктор Апастын ордун басышы керек да
Ал Сузакта 26,9 миң адам жашарын, 5 мектеп жана 3 бала бакча, бир райондук оорукана бар экенин эскертти. Мындан сырткары, айылда 3 акционердик коом, 5 тигүү цехи, 18ден ашык техникалык тейлөө станциясы жана башка чарбалык субъектилер бар. 

Ал эми Базар-Коргон айылында 34,2 миң жаран жашайт. Аймакта 8 мектеп, 10 бала бакча бар. Айылда 2 оорукана, 2 маданият үйү, бир стадион, 4 поликлиника жана 44 дарыкана пункттары иштеп, бир катар инфраструктуралык имараттар бар. 

"Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча Сузак жана Базар-Коргон буга чейин шаар статусун алган башка айылдарга салыштырмалуу чоңураак. Мисалы, Токтогул, Кадамжай жана Кайыңдыны алсак болот. Токтогулда 19 миң тургун, Кадамжайда 13,1 миң, ал эми Кайыңдыда 9 миңден ашпаган адам жашайт", — деп түшүндүргөн Текебаев.

Ал Сузак жана Базар-Коргон айылдарын облустук мааниге ээ болгон шаарлардын категориясына киргизүү үчүн мыйзам долбоорун иштеп чыгууну жана аны Жогорку Кеңешке сунуштоону өтүнүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык Кыргызстанда жалпысынан 31 шаар бар. Анын ичинде 2 шаар республикалык, 12 облустук жана 17си райондук мааниге ээ. 

Жаңылыктар түрмөгү
0