Бишкектен сатып алынып, лабораторияга берилген бургер. Sputnik иликтөөсү

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги тез татым жайы. Архив
Бишкектеги тез татым жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөгө Бишкектеги гамбургер саткан беш жай туш болуп, жыйынтыгында төртөөнүн Санэпид талаптарына жооп бербей тургандыгы маалым болду.

"Төрт шаурмадан бир мышык чыгат", — деп айтылган тамашага азыр эч ким деле күлбөй калгандай. Анткен менен баарыбыз эле тез шамшум эте калган, эл арасында "фастфуд" деп аталган тамакка ишенбөөчүлүк менен карасак деле, баары бир сатып ала беребиз. Бишкекте сатылган гамбургерлер канчалык деңгээлде таза? Муну Sputnik кабарчысы Асель Миңбаева териштирип көрдү.

2gis.kg деп аталган шаардык маалымат кызматынын маалыматтарына караганда, Бишкекте тез эле шам-шум этип ала турган 140ка жакын жай бар. Ресторатор Евгений Тяндын айтымына караганда, борбор калаада коомдук тамактануучу жайлардын эки түрү — көз жоосун алган тойканалар менен үнөмдүү фастфуддардын күнү эч качан бүтпөйт.

"Бишкекте шам-шум этип алууну уюштурган жайлар азыр абдан гүлдөп өнүгүп кеткен. Кыргызстанда дүйнөлүк бренд менен белгилүү болгон тез татым жайлары ачылып жатат. Жакында KFC фирмасынын үч жайы пайда болот, буга чейин Starbucks да ачыла турган болгон. Себеби, тез татым — күйүп кетүү тобокелдиги аз, бирок аз акча салынып, жоготуусу төмөн болгон бизнес", — деди Тян.

Анын айтымында, бул иште ар бир тыйынды санаш керек. Кээде ишкерлер коопсуздукка жумашала турган акчаны (чыгым) кесип сала беришет.

Sputnik атыңарды айтпайбыз деген келишим менен буга чейин бургер саткан жайларда иштеген кызматкерлерин кепке тартып, алардын айтып бергендерин укту.

1-окуя. Келемиштер жана май

Мен Бишкекте жайылган тез татымдардын биринде иштегем. Андан бери төрт жыл өттү. Балким ал жакта өзгөрүүлөр болушу мүмкүн, билбейм. Мен кызматчыларды цехтен алып кетчүмүн. Ал цехте гамбургерлердин булочкалары, эттери жана салаттары даярдалып, бардык түйүндөргө таратылат.

© Фото / Александр К.Жибитилип жаткан тоок эти
Куриные крылышки на разморозке - Sputnik Кыргызстан
Жибитилип жаткан тоок эти

Ал жайдагы келемиштер мени ачуулантты. Ачыктык үчүн кечирим сурайм, ажатканага бара жатсаң кадимкидей жол талашат. Адамдан коркуп да койбойт. Таштанды таштоочу челектер цехтин жака белинде эле, 10-15 метр ары жагында эле турат. Тазалык дээрлик жок десе болот. Анан да этти колдору да, унаасы да кир айдоочу алып келет. Албетте, унаада муздаткыч деген түшүнүк жок.

Баарыбыз цехке башкы коридор аркылуу кирчүбүз. Ал жерде майлар тургандыктан жолго төгүлүп, тайгак болуп калган. Ал жерди айда-жылда бир тазалашчу.

Албетте, сатыкка чыккан гамбургерлер таза, кооз жана табитти ачып турат. Бирок менин пикиримде анын тазалыгы күмөн туудурат.

2-окуя. Биздин павильондо ар дайым эле самын боло берчү эмес!

Дүкөндөгү колбаса азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мык, жүн, чымын…колбасадан дагы кандай "кошулмалар" табылат?
Бир жыл мурда эки жумалык стажировкадан өтүп бирок, ишке орношкон жокмун. Эки жума бою кардарларга кызмат көрсөтүп, бургер жасадым.

Жок, санитардык китепче менде жок болчу. Негизи ансыз жумушка алышпайт, бирок стажировка учурунда китепче талап кылынбайт.

Бардыгы таза эле болчу. Катуу көзөмөлдө турчубуз. Мөөнөтүнөн өткөн нерсенин бардыгын ыргытчубуз. Жашылчалардын жалбырагы бир аз саргайып калса ойлонбостон арылчу элек. "Эскирген нерселерди байкасаңар ыргыткыла" деп эскертип турушчу.

Негизи көп нерсе ошол жерде иштеген кызматкерлерге көз каранды. Аларга көз салынганы менен 24 саат бою текшерип туруу мүмкүн эмес. Кээ бирлери тазалыкты сактабайт. Колдорун жуубастан бир нерсени туурап киришет. Бирок кызматкерлер кол кап кийишет.

© Фото / Александр К.Канализация
Канализационный слив - Sputnik Кыргызстан
Канализация

Павильондо канализация жок. Бирок кызматкерлер үчүн кол жуучу жай бар. Андагы кир сууну күнүгө машина менен келип алып кетишчү. Тилекке каршы, колду муздак сууга жуучубуз. Ар дайым самын дагы боло бербейт. Бул өтө жаман!

Менин кетишиме бир окуя себеп болгон. Газ түгөнүп калып жаңы газ баллон керек болуп калды. Ал аябай оор эле. Ага карабастан үч кыз болуп жолдон павильонго чейин эптеп көтөрүп киргенбиз.

Бир кызыбыз чыдабай кетип арыкка жыгылып кетти. Жетекчибиз келип Тез жардам чакырбастан үйүнө барууга уруксат берди. Мен абдан таң калдым! Компенсация тууралуу сөз дагы болгон жок. 

3-окуя. Цех: ички көрүнүшү

Мен цехте ашпозчу болуп иштедим. Алгач наабайканачы болуп киргем. Сиздер кооз сүрөттөрдү, павильондогу кызматкерлердин колундагы кол каптарды көрүп санитардык нормалар сакталып жатат деп ойлосоңуздар керек. Бирок андай эмес.

Чындыгында бардык булочка, салат жана котлеттер павильондо эмес атайын цехтерде жасалат.

© Фото / Александр К.Салат жалбырактары ваннада жуулат
Очистка листьев салата в ванне - Sputnik Кыргызстан
Салат жалбырактары ваннада жуулат

Биздин норма мындай: 15,5 килограмм ундан 570 булочка жасаш керек. Булочка көөп турушу үчүн ачыткы керектүү нормадан көп кошулат.

Ун кээде каптан төгүлүп калат. Наабайчы 570 булочка жасабаса ага айып салынат. Эч ким айлык маянасынын кесилип калышын каалабайт. Ошондуктан полго түшкөн унду кошо беришет.

Дагы бир кызыктуу учур — бул салат жалбырактары. Ооба, алардын ар бири жуулат бирок тыкыр тазаланат деп айта албайм.

Идиштер таза жуулбайт, анда тамактын калдыктары катып идиш жуугуч каражаттардын жыты уруп турат.

© Фото / Александр К.Тоок этинен чыккан курт
Личинки ползают по упаковке с курятиной - Sputnik Кыргызстан
Тоок этинен чыккан курт

Тоок тоңдурулган түрдө алынып келинет. Музду ээритиш үчүн жок дегенде бир күн турат. Кээде эт көпкө туруп калгандыктан бузулуп кетчү. Бирок буга карабастан продуктудан тамак жасала берет. 

Бардык эт азыктары эт туурагычтан өтөт. Ал күн сайын иштейт. Сменанын акырында эт туурагыч салфетка же чүпүрөк менен эле сүртүлүп, бир жумада бир эле ирет жуулат.

Чучук даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Түрк чучуктарын" мыйзамсыз чыгарып келген колбаса цехи жабылды
Кызматкерлерге тамак берилет. Бирок бул жерде дагы көйгөй бар. Кечки сменадагыларга эртең мененки сменадагылардан арткан тамактар берилет. Бузулуп кетсе деле бериле берет. Бир жолу эскирип кеткен тамакты кайнатып кандайдыр бир кошулмаларды кошушканы эсимде.

Жума сайын чогулуш өтүп, анда сөзсүз бирөө тил угат. Айлык маяна салынган айыптардын айынан кыскартыла берет. Бир жолу бухгалтерден "эмне үчүн айлыкты кесе бересиңер" деп сурасам, "антпесек биздин айлык кесилет" деп жооп берди. Кызматкерлерге мындай нерсе албетте жакпайт. Ошондуктан айрымдар өч алуу жолдорун издеп баштайт. 

Экспертизага!

Көчөдө сатылган шаурманын зыяндуулугу менен эч кимди таң калтыра албайсың.

© Sputnik / Табылды КадырбековГамбургерлерди анализге алуу учуру
Прием образца гамбургера на анализ - Sputnik Кыргызстан
Гамбургерлерди анализге алуу учуру

Ошондуктан Sputnik агенттиги Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти менен бирге Бишкектеги белгилүү беш соода маркасындагы гамбургерлер канчалык деңгээлде коопсуз экендигин текшерүүнү чечти. Аталган маркага Киев менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Begemot, "Антошка", "Домино", Nathan's, "Евразия" тандалган.

© Sputnik / Табылды КадырбековЛабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан
1/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
© Sputnik / Табылды КадырбековЛабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы1
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан
2/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы1
© Sputnik / Табылды КадырбековЛабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан
3/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
© Sputnik / Табылды КадырбековЛабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан
4/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
© Sputnik / Табылды КадырбековЛабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы - Sputnik Кыргызстан
5/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
1/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
2/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы1
3/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
4/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы
5/5
Лабораториялык изилдөөнүн жыйынтыгы

Азыкты тандоо процесси тиешелүү эрежелер менен ишке ашты. Сатып алууда Sputnik командасы менен бирге Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаев катышкан.

Гамбургерлер сатып алынаар замат атайын кичинекей муздаткычка салынып түз эле лабораторияга жөнөтүлгөн.

© Фото / Александр К.Тез татым жайында иштеген кызматкер иш жеринде уктап жатат
Сотрудник сети быстрого питания спит на рабочем месте - Sputnik Кыргызстан
Тез татым жайында иштеген кызматкер иш жеринде уктап жатат

Изилдөөнүн жыйынтыктары таң калтырды: текшерүүдө беш соода марканын ичинен Nathan's аттуу марка гана өттү.

"Биз миң ирет кечирим сурайбыз!"

Begemot, "Антошка", "Домино", "Евразия" аттуу компаниялардын төрт гамбургеринен ичеги таякчалар бактериялар тобу табылды. Ошондой эле "Антошка" гамбургеринен сырткары азыктарда Escherichia coli патогендик микробу чыкты.

Азык-түлүк коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Токтогул Базарбаевдин айтымында, бул гамбургерлерди жегенге болбойт.

"Аталган гамбургерлерди жегенден кийин анын таасири ар кандай болушу мүмкүн. Ашказан кырылдагандан баштап ууланууга чейин барышы мүмкүн. Мындай учурда дарыгердин жардамы керек болот. Бардыгы бейтаптын ден соолугунун абалына жана жашына көз каранды. Кандай гана болбосун, мындай бактериялардын тамак-аш азыктарында болбошу керек", — деди ал.

Ошондой эле ал коркунучтуу бактериялардын нан, котлет жана жашылчаларга чейин жеткенин түшүндүрдү. Анын айтымында, биринчиден бул чийки азыктардын аталган азыктарга жакын жайгашып калганынан бактериялар өтүп, коркунуч жаратат.

Экинчиден, кызматкерлердин өздөрү гигиенаны сактабай азык даярдагандары себеп болот.

"Көбү атайын кийим кийбей эле иштей беришет. Мисалы, баштарына баш кийим, бир жолу колдонулган кол каптарды кийишпейт. Алардын канчалык деңгээлде колдорун жууп тургандыгы белгисиз. Көптөгөн павильондордо кол жууган жерлери дагы жок", — деди Базарбаев.

Sputnik аталган компаниялардын баарына кимдин азыгы нормага жооп бергендигин, кайсынысында кандай кемчиликтер болгонун айтып суроо жөнөткөн.

"Антошка" жана "Домино" бул суроодон баш тартты.

Begemot компаниясынын администрациясы болсо продукцияны мурда лабораториялык изилдөөлөргө текшертип тургандарын, бирок көптөгөн жылдардан бери нормага жооп бергенин айтышты.

© © SputnikBegemot тез татым жайынын Sputnik агенттигинин жиберген сурамына берген жообу
Ответ сети быстрого питания Begemot на запрос Sputnik - Sputnik Кыргызстан
Begemot тез татым жайынын Sputnik агенттигинин жиберген сурамына берген жообу

"Сиздердин маалымат биз үчүн абдан баалуу. Бул боюнча сөзсүз керектүү чараларды көрөбүз", — деп айтылат маалыматта.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин корреспонденти менен "Евразия" компаниясынын жетекчиси Гузаль Асанова байланышты. Ал кардарлардын алдында кечирим сурады.

"Мен биздин азыктарды сатып алып жаткан бардык кардарлардан кечирим сурайм. Изилдөө болгон учурда мен башка жерде болчумун. Балким, адистер бир нерсени карабай калышкан, же этти жакшы куурубай коюшкан. Биз бул боюнча сөзсүз кемчиликтерди аныктап, аны оңдойбуз!", — деп сөз берди Асанова.

Ошондой эле Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясына Domino тез татым тармагынын башкы директору Назгүл Үмөтова түзүлгөн абал боюнча жеке түшүндүрмө берүү үчүн келди. Ал өз сөзүндө азыркыга чейин экспертизанын жыйынтыктарына ишенбей турганын айтты.

"Сиздер каалаган күнү келип өндүрүштү көрүп кетсеңиздер болот. Ал жакта бардыгы чын көңүлдөн жасалып жатканын байкайсыздар! Бардык жеткирүүчүлөр менен бизде келишим бар. Эң мыкты делген эттерди сатып алабыз", — деди Үмөтова.

Ал ошондой эле Sputnik агенттигинин иликтөөсүнө чейин атайын текшерген органдар да анализдерди алып, анда эч кандай эреже бузуу жок экенин аныкташканын баса белгиледи.

"Бул жерде адамдык фактордун таасири болушу мүмкүн. Биз контролду сөзсүз түрдө күчөтөбүз. Деген менен биздеги талаптар ансыз деле катуу коюлган. Күн сайын тез татым жайларыбызды кыдырып текшерген өзүнчө адамыбыз бар. Мындан тышкары үч адам кызматкерлердин ишин камера аркылуу көзөмөлгө алып турат", — деп компаниянын жетекчиси билдирди. 

Назгүл Үмөтова видеодогу цех Domino түйүнүнө эч кандай тиешеси жок экенин кошумчалады.

Сиз ууландыңыз. Ишкерден кантип чыгымды "чыгарып" алуу керек?

Эгер сиз гамбургер жеп өзүңүздү жаман сезе баштасаңыз эмне кылуу керек? "Grosser Consult" юридикалык компаниясынын башчысы Искандер Шанчарбаев атайын Sputnik Кыргызстан үчүн кандай аракеттерди көрүү керектигин тизмектеп берди. 

  1. Тамак-аштан уулангандыгын далилдөө үчүн ооруканага кайрылуу керек.
  2. Эгер гамбургерди кечинде жесеңиз, анда тез жардам кызматын чакыруу керек.
  3. Тамактан уулангандыгын каттагандан соң, түз эле тамакты сатып алган жердин жетекчилигине кайрылуу керек. Ал жерде даттануулар китебине же кагаз жүзүндө дооматтарды жазуу зарыл.
  4. Андан соң ишкана жетекчилиги 10 күн аралыгында жооп берүүгө милдеттүү.
  5. Эгер ишкана болгон окуя боюнча тиешелүү жооп бербесе, анда сиз өзүңүздүн укугуңузду коргоо үчүн жайгашкан жериңиздеги сотко кайрылууга укугуңуз бар.
  6. Сиздин ден-соолугуңузга келтирилген зыянды толугу менен кайтарып ала аласыз.
  7. Ошондой эле тамак-ашты даярдаган ишкананын шартын текшерүү үчүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарына кайрыла аласыздар. Ал үчүн бул окуяга байланышкан документтерди тиркеп кайрылуу жазуу керек.
  8. Эгер сот тарабынан аталган окуяда моралдык жактан жабыркасаңыз, анда моралдык чыгым дагы төлөнүп берилет.

Моралдык чыгым тууралуу айтсак, ар бир жаран анын өлчөмүн өзү аныктай алат. Анткени мыйзамда анын өлчөмү белгиленген эмес, мисалга: бир сомдон жүз миллионго чейин белгилей алат. 

Сот компенсациянын өлчөмүн белгилейт жана ал калыс болушу керек.

Кампадагы ун, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Матрезервдеги курттаган ундун чоо-жайы. Айыптоону четке каккан жетекчи менен ашпозчу
Эгер сиз жеген тамак ата-мекендик өндүрүшкө таандык болсочу?

Токтогул Базарбаев мындай жагымсыз окуялардын болушун ишкерлердин киреше табуу үчүн гана иштеп, көзөмөлдөөчү органдардын ыйгарым укуктарынын азайып калгандыгынан экендигин белгилейт.

"Азыр тамактануу түйүнүн ачыш үчүн санитардык кызматтан уруксат алуу дагы кереги жок. Жергиликтүү бийликтин макулдугу эле жетет",— деди Токтогул Базарбаев.

Ресторатор Евгений Тян болсо, мындан жагымсыз окуяларга карабай тез тамактануу түйүндөрү Кыргызстанда өнүгө берээрин билдирди. 

"Тез тамактануу түйүндөрү шартын жакшыртуудан баш тартууда. Азыр Бишкектеги коомдук тамактануучу жайлар санитардык талаптарга жооп бербейт. Бирок мыйзамга ылайык 2017-жылдын август айынан тарта эл аралык стандарттын системасынын сапатын көзөмөлдөгөн ХАССПнын талаптарын аткарууга милдеттүү болот"— деди Тян.

Бирок адистердин пикиринде көзөмөлдү күчөтүү башка коркунучтарга алып келет. Мисалга, айрым ишкерлер каражатты түйүндөгү шартты жакшыртууга жумшап, сапаты начар азык-түлүктөрдү сатып алып, ароматизатор жана даамды күчөтүүчү заттарды пайдалана башташы ыктымал.

Эгер сиз ушул сыяктуу окуяга туш болсоңуз, Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери +996 706 566 544 аркылуу кабарлап койсоңуз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0