Кыргызстандык Теңирбек, Флешбек роботтору эл аралык сынакка катышты

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный конкурс роботов "РОБОТЕКС-2016"
Международный конкурс роботов РОБОТЕКС-2016 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле Нарын шаарындагы Муратбек Субакожоев атындагы лицейде окуган 10-класстын окуучулары Эстонияда өткөн "Роботекс-2016" аталышындагы роботтор сынагында 26 өлкөдөн 5-орунду камсыз кылып кайтышты.

Эл аралык мелдешке аталган окуу жайдын окуучулары Дөөлөтбак Кудайбергенов, Бекназар Уланбек уулу, Ажыбек Шаршенбаев жана Абдурауф Көлбай уулу катышып, аларды информатика мугалими Икрам Абдыкалыков жетектеп барган. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги балдарды маекке чакырып роботтордун "өнөрүнө" күбө болду.

— Бул эмне болгон сынак экен, канча мамлекет катышты? 

Оюнчуктардан робот жасаган мектеп окуучусу Тунук Омушев - Sputnik Кыргызстан
Оюнчуктардан робот жасаган мектеп окуучусу Тунук Омушев
Икрам Абдыкалыков: — "Роботекс-2016" роботтор аралык сынак быйыл Эстонияда өткөрүлдү. Бул сынак ар жылы Европанын ар кайсы мамлекеттеринде өткөрүлүп турат экен. Уюштуруучулардын айтымында, быйыл катышуучу боюнча рекорд коюлуптур. Жалпысынан 26 мамлекеттен 2260 катышуучу, 16 миңден ашык көрүүчү келди. Мелдешке катышуучулардын жашы чектелбептир, кичинекей балдардан тарта, 60тан ашып калган чоң кишилерге чейин катышты. 

— 26 мамлекеттин ичинен канчанчы орунду багынттыңар?

— Жалпысынан сынакта 20дай категорияда болду. Биз эки категорияга даярданып барганбыз. Биринчи категория Line Follower деп аталып, анда робот машина чийилген сызык менен тез жүрүүсү талап кылынат. Мисалы, ат чабыш сыяктуу. Ат чабышта жорголор атайын жолдор менен жарышып чуркап өтсө, мында робот машиналар менен чийилген сызыкка багыт алып ошол менен жарышып, бурулчу жерлерден өздөрү бурулуп жеңишти камсыз кылуусу шарт. Ушул категориядан 200 роботтун ичинен 5-орунду камсыз кылдык. Ал эми экинчи катышкан категориябыз Sumo Lego деп аталды. Бул жерден роботтор Япониянын сумо мелдеши сыяктуу бири-бирин сызыктан түртүп чыгарышы керек. Мында биздин робот жеңилип калды. Андан тышкары, футбол, дрон рейс, айби робот, микро сумо, мини сумо сыяктуу сынактар болду. 

— Буга чейин башка сынактарга катышып жүрчү белеңер?

— Эл аралык сынакка биринчи жолу катышып жатабыз. Былтыр Румынияда Infomatrix деген роботтор сынагына катышуу үчүн каттоодон өткөнбүз, бирок виза ачылбай барбай калганбыз. Ал эми Кыргызстанда "Себат" лицейи төрт-беш жылдан бери роботтор сынагын уюштуруп турат. Былтыр ал сынактан биринчиликке ээ болгонбуз. 

— Робот жасоодо эмнеге басым жасалат? Кызыккандар эмнеден башташы керек? 

Советтик Кыргызстандын жаш ойлоп табуучулары. Архивдик сүрөттөр
— Робот жасоо окуучулар үчүн абдан пайдалуу ийрим десек болот. Ал баланын дүйнө таанымын кеңейтип, кийин ар түрдүү автоунааларды куруп чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бирок робот жасаш үчүн баланын инженерлик таланты болушу шарт. Эгер кичине таланты болсо, мугалим ага туура программалоо, роботту куруу сыяктуу нерселерди үйрөтөт. Робот жасоодо баарынан оору — аны программалоо. Робот пульт менен иштебейт, туура программаланган робот өзүн-өзү башкарат. 

— Эми суроону балдарга узатсам, сынак кандай өттү? Өзүңөр, роботторуңар тууралуу айтып бергилечи?

Ажыбек Шаршенбаев, Нарындагы Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу: 
— Биздин командабыздын аты "Нарынград" деп аталат. Ал эми роботторубузга да ысым ыйгарып койгонбуз. Жарышка чыккан робот унаабыздын аты Флешбек болсо, сумого чыгып күрөшкөн робот Теңирбек деп аталат. 

Уланбек уулу Бекназар, Нарындагы Субакожоев атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу:
— Эл аралык чоң сынакка биринчи жолу барганыбыз менен өлкөбүздүн желегин желбиретүү үчүн болгон күчүбүздү жумшадык. Роботубуз жакшы иштеп, жеңиш камсыз кылып берсе экен деп тиледик. 

Икрам Абдыкалыков: — Кошумчалай кетсем, Флешбек роботу мелдешке чыгар алдында аны атайын майлап-сүттөп, "бизди уят кылбай, жакшы иште" деп шыбырап, кыргыздын ырым-жырымдарын колдонуп туруп чыгардык. 200 команданын ичинен 24 робот тандалып алынды. Биздин робот финалга чейин жетти. Анан италиялыктардын роботу менен чыгып калып, жарыша баштаганда алардыкы күчтүү экенин көрүп утулдук го деп ойлогонбуз. Ортодон баарыбыз кудайдан тилеп турсак эле алардыкы иштебей калып, сызыктан чыгып кетти. Ошентип биздики утуп кетти. Бирок Польшадан, анан Италиянын башка эки командасынан утулуп калдык.

— Биринчи орунду алган роботтор эмнеси менен айырмаланды?

Кылыктанып бийлеген темир гейша. Окуучу кыздардын колунан чыккан робот кыз
— Алар эски роботторду жакшыртып, оңдошуптур. Программалоосу мыкты экен. Жогоруда айткандай, көп нерсе роботту программалоодон көз каранды. Алардын робот унааларынын дөңгөлөктөрү чоң, тез жүрөт экен. Мындан сырткары, ал жакта биз жасаган роботторду 10 жаштагы балдар отуруп алып жасап, программалап жатканын көрдүк. Сынакка кичинекей балдар көп катышты. Бизде 10-11-класстын балдары жасап жүргөн роботту ал жактын 1-2 класс балдары жасап коюшканы бизди таң калтырды.

— Негизи робот куроо сабагы же ийрими Кыргызстанда үйрөтүлө баштаганына канча убакыт болуп калды?

— Бул ийримдин Кыргызстанда ачылганына 5-6 жыл болду. "Себат" лицейинин бардык мектептеринде атайын сабактар өткөрүлөт. Каалоочулардын саны барган сайын өсүп, көп балдар келип жатат.

— Робот жасоону үйрөнөм деген бала эмнеден баштаса болот, кеңешиңер?

— Робот куроону балдар лего деген оюнчук бар, ошондон баштаса болот. Анын сүрөтүн карап куроо керек. Түрү көп, барган сайын татаалдашып кете берет. 10 жаштан өтүп калган балдар курай баштоого жөндөмдүү болуп калышат.

— Алдыда кандай пландарыңар бар?

— Алдыда пландар буюрса көп эле. Лего роботунан тышкары гуманоид деп аталган адам сыяктуу роботтор бар. Ошолорду да программалалаганды үйрөнөлү деп жатабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0