Тойдогу хит ырлар: ырчылардын капчыгын калыңдаткан ырлардын тизмеси

Жазылуу
Кыргыз журтчулугун тойсуз элестетүү мүмкүн эмес. Күз, жаз, кыш — айырмасы жок. Тойлоп жүрүп айлыгын коротуп койгондор да бар. Башкысы дасторкондо нан, кампада дан болсо болгону. Дал ушул тойлордогу хит ырларды тизмектеп көрдүк.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Күз мезгилиндеги башкы тема бул — той. Instagram жана Facebook социалдык тармактары тойдогу селфилерге толуп, кыздардын кызыл, жашыл көйнөкчөн сүрөттөрү жайнап чыгат. 

Ал эми балдар болсо баягы эле бир костюм-шымы менен кычырайт. Күздүн узаганына карабай той-топур бүгүнкү күнгө чейин уланып, тирүүлүктүн бейишинде "танца" тепкендер арбын. Карышкыр кой аңдыса, ырчы той аңдыйт деген кеп да жөн айтылган эмес. Анткени дал ушул тойлордун арты менен ырчылардын капчыгы калыңдайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет тойлордогу хит ырларды тизмектеп көрүүнү туура көрдү.

Чү дегенде эле тойлордо сөзсүз коюлчу ыр бул "Кара жорго". Беш жыл мурун эле кыргыздар бийлеген эмес деген талаш пикир болсо, учурда ал жокко чыгып, кыргыздар кара жоргону катыра бийлеп калдык. Аталган чыгарманын ар кыл варианттары бар. Биз бирөөнө токтолуп өтөлү. Ал Асел Касмакунова аткарып жүргөн "Кара жорго" ыры. Мындан сырткары Султан Садыралиев ырдаган "Кыргыз бийи", Мээрим Карыпованын аткаруусундагы "Кара жорго" ырлары коюлганда бийлебей коюу мүмкүн эмес.

Гүлжигит Сатыбековдун "Лейлектик кызга" ырысыз тойлорду элестетүү кыйын. Бул ыр жаңы чыккан кезде бир тойдо 10-15 жолу жаңырып, ырчынын зоболосун жакшы эле көтөргөн. Ыр бийлегенге ыңгайлуу болгондуктан дагы далай тойлордун көркүн ачаары бышык.

Быйылкы хит ырлардын катарын Курал Чокоев менен Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Сейдакматтын ыры" же "Ачуу айран ичебиз" чыгармасы толуктады десек жаңылышпайбыз.

Нурмат Садыровдун аткаруусундагы "Торгоюм" чыгармасы жаралгандан бери тойдогу хит ырлардын алдыңкы сабынан түшпөй келет.

Албетте бул тизмеге тамашоучулар Азамат Исмаилов менен Азимхан Рахатов ырдаган "Келин келгенский" ырын кошпосок окурмандар бизди кечирбесе керек.

"МузАман" тобунун "Дадагаң болуп кетейин" ыры коюлары менен бий аянтчасы элге толоору көрүнүш адатка айланды.

Сакадай боюу сары алтын Кайрат Примбердиев ырдаган "Жакшы эле көрөм өзүңдү" ыры дагы тойдогу хит ырлардын катарын толуктайт.

Бир кезде таланттуу ырчы Расул Маматкуловдун "Мерседес" ыры күйөрмандардын көкүрөгүнөн түнөк таап, хитке айланса, учурда ал чыгарма Данияр Эрматовдун капчыгын калыңдатып жаткан учуру.

Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Алдайсың" ыры чыгаары менен өз күйөрмандарын таап, тойдогу көп коюлган ырга айланды.

Бул тизмекти Юлия Руцкаянын аткаруусундагы Нурак Абдрахманов атабыздын "Аппак сүйүү" чыгармасы жыйынтыктайт.

Ал эми ушул ырлардын жаңырышына көп учурда себепкер болгон үйлөнүү үлпөтүнүн чыгымы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0