БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстанда боюнча бүгүн саат 08:00дөн тартып бүткүл элдик добуш берүү жана 405 жергиликтүү кеңеште шайлоо башталды.
Эске сала кетсек, КСДП, "Кыргызстан", РАЖ жана "Өнүгүү — Прогресс" фракциялары тарабынан сунушталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылып, элдин элегине коюлууда. Жалпы жонунан 29 беренени өзгөртүү сунушталган.
Шайлоо учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, тартип бузуулардын алдын алат. Мындан сырткары бир нече эл аралык уюмдар шайлоо процессине көз салат. Ал эми "Бир Дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму жарандарга юридикалык жардам көрсөтүп турат.