Бүгүн Мелис Эшимканов 54 жашка толмок…

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаКыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов
Кыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эркин басма сөзүнүн патриархы Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо бүгүн, 9-декабрда 54 жашка толмок…

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Эгемен Кыргызстандын журналистикасынын чыйыр салуучуларынын бири, калеми күчтүү журналист, саясатчы, коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин 3-чакырылышынын депутаты, азыркы кыргыз басма сөзүндө эмгектенген журналисттердин жоон тобунун устаты Мелис Эшимканов бүгүн 54 жашка чыкмак. Маркумду эскерүү ниетинде калемгердин 1990-жылдардан берки жазган макалаларын, соңку маектерин шакирти Айнагүл Сапарбек кызы барактап чыкты.

Мелис Эшимканов өз баамында ким болгон?

  • Акыйкатты издеген
  • өз касы өзү гана деп билген
  • жылы барс, айы – жаангер болгон
  • алгачкы иши – заводдо жүк ташыгыч эле
  • журналистикага кирбегенде айылда койчу болмок
  • эңсеп жазган темасы – Акыйкат, Сүйүү, Эркиндик
  • Акыйкат жолуна түшкөндөргө суктанган
  • Кудай-Атаны сүйгөн
  • адамзаттын сокурдугуна күйгөн
  • чыныгы досторду тапканына кубанган
  • топтогон күнөөлөрү үчүн уялган
  • жашоонун азгырыктарынан баш тартканына каниеттенген
  • жакшы көргөн адамдарын ойгото албаганына өкүнгөн
  • Асмандан түшкөн ыйык китептерди окууну самаган
  • денесин, мээсин, жан дүйнөсүн тазалоону тилеген
  • өлбөстүктөн айрылуудан корккон
  • жалгыздыкты жактырган.

("Асаба" гезитинин 8.11.1996 санындагы анткета боюнча жазылды) 

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүЭшимкановдун "ички дүйнөмдө акыркы жылдары жарандык согуш күчөп кетти", — деп жазганы бар бар...
Оппозиционный митинг в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Эшимкановдун "ички дүйнөмдө акыркы жылдары жарандык согуш күчөп кетти", — деп жазганы бар бар...

Жакшынын жакшыдай балээси

Атамзамандан бери эки жакшынын биригиш проблемасы далай акылмандардын тишин сындырып келген. Конфуций менен Лаоцзынын, Фолькнер менен Хемингуэйдин, Достоевский менен Толстойдун, Айтматов менен Токомбаевдин "эки кочкордун башы бир казанга кайнабаган" карама-каршылыгы ойлонтпой койбойт. Бир жагынан түйүнү чечилбес табышмактай туюлса, экинчи жагынан, мыктылардын, жакшылардын натурасы, кулк-мүнөзү ошончолук чиеленгендей татаал, кайталангыс, айтканын бербес көктүгү, башкаларга ачылгысы келбеген сыр дүйнөсү — башкы тоскоолдукпу деген ниет кетет. Демек, жакшынын жакшыдай балээси болоору да закон ченемдүү көрүнүш окшобойбу.

"Асаба", 1993-ж. 28-октябрь 

Кыргыздын дили

Журналист жана коомдук ишмер Мелис Эшимканов. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Түндүктөн түшкөн редактор" же саясатта орду жоктолгон Эшимканов. Эскерүүлөр
Атасын өлтүргөнгө энесин алып берген кыргыздын тегин эл эмес экенин түшүнгөн киши түшүнөр. (Улуттун улуулугу — төшүн койгулап, ач айкырыкты салып мактанганында эмес, башкаларга тыңсынып короздонгонунда эмес — атасын өлтүргөнгө энесин алып берген дилинин актыгында, жер менен жер болгон жөнөкөйлүгүндө, дүйнөң дүңгүрөп жатса да тоотуп койбогон момундугунда болуп жүрбөсүн?)

Ошол үчүн акыр заманды элестеткен азыркы мезгилде алдастабай, түпкү башатыбызга кайрылып баралы. Манас, Толубай, Жээрен Чечен, Асан Кайгы, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Токтогул аталарыбыздын баскан жолу гана адашканыбыздан куткарар деп мында бир жаманыңар улуттук стратегия жөнүндө улуп-уңшуп туру.

"Асаба", 1993-ж. 18-февраль

Кайда баратабыз?

Чөнтөгүбүз гана эмес, жан дүйнөбүз укмуш кедейленди. Түндүк менен Түштүк, партократ менен демократ, колхозчу менен фермер, коммерсант менен жакыр, номенклатура табы менен каратамандар табы болуп экиге бөлүнүп карсылдашып, бири-бирибиздин үнүбүздү укпай, оорулуулардын онтогонун, бөбөктөрдүн ыйын, карыялардын үшкүрүгүн, тамтыгы чыккан табиятыбыздын таарынган доошун көргүбүз жок, сезгибиз жок. Кайда баратабыз, эки бутту, кара баштуу пенделер? Өзүбүздүн ичибизден жыландай соймоңдоп чыккан ачуу амбицияларды токтотконго алыбыз жетпей, журтубузду кара туман каптап, бири-бирибиздин каныбызды төккөндө кеч болуп калып жүрбөсүн? Байлык, бийлик деп жүрүп арка-мойнубуз артыбызда калбасын?

"Асаба", 1993-ж. 23-сентябрь 

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаКесиптештери туулган күнүнө кылган белекти — сүрөттөрдүн топтомун карап отурган учуру
Кыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
Кесиптештери туулган күнүнө кылган белекти — сүрөттөрдүн топтомун карап отурган учуру

Лидер бирөө эле

Чынгызхан. Наполеон, Ленин, Гитлер, Сталин сыяктуу дөө-шаалардын арбагын козгоп, оппоненттерим адамзат журт атасыз жашай албастыгын, бардыгыбыз лидерликке умтулганда гана бакубат жашоо келерин саймедирешет. Мен тырышып көнбөйм: мансапка, байлыкка жетиш үчүн бей-бечараларды тебелеп жеткен эркечтигиңден не пайда? Лидер бирөө эле – КУДАЙ – АДАМ! Анын саясатын жүргүзгөн Иисус Христостун, Будданын, Конфуцийдин, Пифагордун, Мукамбет пайгамбардын, Сократтын, Ильиндин жолуна сөз менен эмес, иш жүзүндө түшкөндө гана балким, адамзат өзүн аман сактап калаар?..

"Асаба", 1995-жыл, 13-19-январь

Ким калган бул дүйнөдө түркүк болуп…

Журналист, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чолпон Орозобекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Чолпон Орозобекова: Эшимкановдун журналистикадагы ордун эч ким баса алган жок
Чынында эле эч нерсе кокусунан болбойт экен. Күтүүсүздүк дайыма күтүлүү. Тарыхты кара. Журт аталарын кара. Калмак менен кагышып, алакандай кыргызын сактайм деп кабылан Манас өткөн дүйнөдөн. Жер шарынын жарымын басып алса да, акырында өлбөстүктүн мүрөк суусун сурап Чыңгызган өткөн дүйнөдөн. Томояктардын башына бакыт кушун кондурам деп Ленин өткөн дүйнөдөн. 50 миллион пенденин башын жутуп Гитлер өткөн дүйнөдөн. Туткунга түшкөн баласын генералга алмашпай коюп, Сталин өткөн дүйнөдөн. Тили тантырап калганча Мавзолейден түшпөгөн Брежнев өткөн дүйнөдөн… Бардыгынын төрөлгөндөн мүрзөгө чейинки өмүрү Кудай тарабынан пешенелерине жазылыптыр. Кана, кимиси эмне калтырды? Атак-даңкпы? Байлыкпы? Элимди жыргалга бөлөп салдым деген жалган иллюзиябы? Анда не жандарын кечкенче тырбалаңдашты, жек көрүнүштү шордуулар?

1997-жыл, 10-сентябрь

Улуулардын улуулугун айт

Хансарайын таштап, жер кезип, адам болуунун кандай кыйын экенине көзүнөн кан агызган Будданын ыйын айт, Понтий Пилаттын "Акыйкат деген эмне?" деген кылым көтөрө алгыс суроосуна унчукпай жооп берген Иисус Христостун эрдигин айт, "Бей-бечаралык – менин байлыгым" деген Мукамбет пайгамбардын момундугун айт, аңкоо падышаларга теңелбей, миллиарддаган калкы менен океандай мелмилдеген Кытайга улуу жакшылыктын үрөнүн сээп, өлбөс-өчпөс идеология, философияны мураска калтырып кеткен Конфуцийдин тереңдигин айт, "Я знаю, что я ничего не знаю" деп гана койгон Сократтын билимдүүлүгүн айт, орустун бийлик төбөлдөрү 20 жыл муздак түрмөгө камап койсо да айтканынан кайтпаган Николай Ильиндин кайратын айт!.. Эми ошол ыйды укпаган, эрдикти түшүнбөгөн, момундукту туйбаган, тереңдикти сезбеген, билимдүүлүктү ажыраталбаган, кайратты билбеген, көзү сокур, кулагы дүлөй, көкүрөгү караңгы, бараткан жолу мунарык – адамзаттын жиндилигин айт дебейсиңерби?!

"Асаба", 12-сентябрь, 1997-жыл, №36 

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаПир туткан адамы Кердегей – Кубатбек Жусубалиев менен
Кыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
Пир туткан адамы Кердегей – Кубатбек Жусубалиев менен

Бешенеге жазылган чыйыр бар

Жараткандын жазмышынан эч кайда качалбайсың. Адамдын качан, каерде туулганы, чоңойгону, тарбиясы, сүйүүсү, үйлөнгөнү, окуусу, иштегени, жаңылганы, белес ашканы, кырсыктаганы, ооруганы, байыганы, чүнчүгөнү, карыганы, өлгөнү – бардыгы буйруктан болоорун дайыма эстен чыгарып коймой пендечилигибиз бар. Кокустукту айланып өткөнгө, тагдырдын тайгүлүк ташын каалагандай чимиргенге машпыз. Улуу эгоизмдин кулуна айланган, улуу азгырыктардан мээси тегеренген, Кудайын тааныбаган адамзаттын азыркы дейди кебетесине таарынып, наалып эмне кылабыз десең. Күтүүсүздүк дайыма күтүлүү деп күңгүрөнгөнүм ошондон.

"Асаба", 10-сентябрь, 1997-жыл

Саясатчылардын тиби

Ишкер жана коомдук ишмер Табылды Эгембердиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жыл… Табылды Эгембердиевдин сүрөттө калган элестери
Үлкөн саясатчылардын эки түрүн билебиз. Биринчиси — өзүнүн пенделик көрсезимин тизгиндеп, майда таарынычтарын, чынжырлаган эгоизмин жеңип, кемчиликтерин моюнга алуу менен, кечиримдүүлүгү, айкөлдүгү аркылуу жансырдаштарын көбөйтүп, атүгүл келишпес душмандарын да өзүнө тартып, доско айланткан мыктылар. Экинчиси — тескерисинче, бийликтен көзү тунарып, кошоматчыларынын мактаган одаларына ишенип, өзүн эң кыйын, эң акылман, эч кимге алмашкыс, тактыдан түбөлүк түшпөчүдөй эч качан өлбөчүдөй сезилип, кечээ эле өбүшүп, туз даамдашып, жакшылыгын көрүп жүргөн адамдарын унутуп, тизмеден чийип, жинге тие берсе ач дөбөттөрүнө талатып, ымалаш досторун заматта душманга айлантып ийген мыкчегерлер. Бул эки топтогулардын кимисин кандай тагдыр күтөрү адамзат тарыхында миллион ирет жазса да, улам кийинки муундагы журт аталары сабак алгандын ордуна, миллион ирет тигилердин жолун кайталагандан чарчабады.

"Асаба", 10-октябрь, 1997-жыл

Көңүл калуу

Коркконум ордунан чыкты. Эки жээктин ортосу мурдагыдан да алыстады. Муздак дубалды уратуу боюнча ойлорум ойрондолду. Эл менен бийликтин, бийлик менен оппозициянын мамилесиндеги жараканы бүтөмөй, көпүрө курмай, элдештирмей, атамзамандан келаткан айкөлдүк, кечиримдүүлүк, сабырдуулук касиеттерибиз менен бири-бирибизди угуу, түшүнүү аракеттерине байланган чолок кыялдарым, иллюзияларым кум сепилдей урап түштү.

"Агым" 19-апрель, 2002-жыл 

Оппозицияда. Ошол кездеги пикирлеш үзөңгүлөштөрү менен кезектеги митинг учурунда
Кыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
Оппозицияда. Ошол кездеги пикирлеш үзөңгүлөштөрү менен кезектеги митинг учурунда

Агым

Агымга каршы сүзүш өлө кыйын. Турмуштук агымды айтып жатам. Айыл-апанын салтыбы, урук-тууганыңдын адатыбы, жердештериңдин каадасыбы, күнүмдүк оокатта, жаның баккан жумушуңда, дайыма аралашкан акчабай, саясат, чыгармачылык, илимий, кумарпоздук чөйрөңдөбү, атүгүл сүйүү майданындабы, айтылбаган, жазылбаган, указ менен бекитилбеген эрежелер жашайт, толкундары өркөчтөнгөн, сүрү опкоолжуткан, шоокуму кулак тундурган дарыянын Агымы сымал. Нугунан оңой менен чыгалбайсың. Кошо агасың. Чайпалып, жоошуп, удургуп, соолуп, ашып-ташып. Эр болсоң, жалпы чектен чыгып көр… Адегенде маңдайыңан сыпайы сылашат: "Эл эмне де-ейт?" деп. Ага ынабай эле тейтеңдеп тескери сүзсөң – чокудан ары чокмор жеп калар күнүң алыс эмес. Мында да акылыңа келбесең, төө бастыга ырайымсыз алынарыңды, чыккынчы, душман аталарыңды, агымдын ыйык багытын бузган журтбезер катары жээкке биротоло сүрүлүп калышыңды унутпа, кагылайын бурадар?

"Агым", 20-август, 2002-жыл

Мектеп

Турмуштун мектебинен өтүп койбосоң да адамдык өсүштүн ак-карасын ажырата албайсың.

"Агым", 23-август, 2002-жыл

Бир чындык бар

Журналистика дыйканы, ырдын төрөсү элең, кечир, Жолдошбек. Сени барктай албадык…
Бир артыкчылыгым — эч качан акчанын бар-жогуна кайгырбайм. Анткени, бул маңдайга жазылган тагдыр, Кудай берген ырыскы. Негизи эле, адамзат, анын ичинде кыргыздын түбүнө жете турган дал ушул байлык, мансап талаш. Бир чындык бар – биз баарыбыз жылаңач келип, жылаңач кетебиз. Залкар деген, өлбөс деген Чыкем өттү, Дооронбек аке өттү. Кечээ эле жерге берген маэстробуз — Асанхан Жумакматовдун үйүнө бардым. Өтө жупуну, карапайым жашаган адам экен. Үч класс билими бар жер кепеде жашаган кемпир бактылуубу же 30-40 млрд. доллары бар дүйнөлүк олигарх бактылуубу, бул аябай талаш маселе. Ошонүчүн арбир адам өз бактысын материалдык көрдүйнөдөн эмес, ички, жандүйнө байлыгынан издегени туура. Жараткан мени жакшы көрөбү, же тагдырдын эрке баласымынбы, билбейм. Кызыгы, мен бүгүн бирөөгө аңдап-аңдабай, чын пейилден бир сом жардам кылсам, көп узабай, күтпөгөн жерден 10 сом болуп, бергеним он эселеп кайрыла берет.

Түбөлүк күрөш же Мелис ким?

Өзүм менен өзүмдүн күрөшүм терең. Аны эл билбей эле койсун. Күндө, Асманда турган Кудай Киши гана айта албаса, жакшымын-жаманмын, апакаймын-чочкомун, итмин-кушмун деп айта албайм. Өз билген акыйкат, өз билген туюмум менен, кылдырап күрөшүп келем. Бул менин эч кимге айткыс сырым. Мен кыйынмын десем сөккөндөр, мен байкушмун десем какшыктагандар четтен чыгат. Мүнөзүм, турган-турпатым боюнча өтө катаал, татаал, карама-каршылыктуу адаммын. Менде авантюристтик да, романтик да, жакшысы да, жаманы да аралашкан, бүгүнкү оош-кыйыш заман келбетиндеги адамдын образы чогултулган. Башка маселе, жакшыргым келет, тазалангым келет. Кимдин болбосун, көзүнө тике карап айта алам, бир артыкчылыгым — эң бир жек көргөн душманыма да жамандык тилеп, жамандык жасабайм. Тескерисинче, ал сууга агып баратса, кол суна билген сапатым бар. 

© Фото / из семейного архива Мелиса ЭшимкановаБул адам "мен кайсы бир күнү инфаркттан, арактан же жөн эле баратып чалынып өлсөм да, таңгалбайм", — деп жазыптыр бир кезде
Кыргызский общественный деятель, журналист Мелис Эшимканов - Sputnik Кыргызстан
Бул адам "мен кайсы бир күнү инфаркттан, арактан же жөн эле баратып чалынып өлсөм да, таңгалбайм", — деп жазыптыр бир кезде

Эртең эң акыркы күнүң дешсе…

Бир нерсе жасап калайын деп жанталашпайт болчумун. Кудайга гана жалбарып, чөк түшүп: "Мейли алып кете бер, бирок, кечир, кечир, кечир!" демекмин.

Акын, жазуучу, окумуштуу, публицист, коомдук ишмер Салижан Жигитов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шуулдаба, шуулдаган теректерим… же Жигиттин уулу жетишпей турганда
…Ички дүйнөмдө акыркы жылдары жарандык согуш күчөп кетти. Кайда жүрбөйүн, бул сырткы гана, театрдагы бутафория деп коём. Чындап келсе, ички кагылыштарым абдан оор. Мен кайсы бир күнү инфаркттан, арактан же жөн эле баратып чалынып өлсөм да, таңгалбайм. Анткени, өтө эле опуртал, бычактын мизиндемин. Бирок, жашоону сүйөм, өлбөстүккө ишенем. Миллиарддап киши-макулуктар кырылып калса да, адамзаттын адамдык, абийирдик түйүлдүгү таптакыр жок болуп кетпейт деп толук ишенем. Канча кылым, канча жүз жылдык өтсө да, нечендеген залкарлардын өмүрүнө күбөбүз. Баары темселеп Акыйкат издешкен. Ошол Акыйкат издегендердин үнү, духу, руху бир хорду, бир чындыкты билдирип турат: баары бир адамзат адамзат болгону – ал өлбөс болуп, жеңилбес болуп жаралган. Шайтан акенин жылтылдаган сулуулугу эмес, жасалма философиялык оюнчуктар эмес, бул дүйнөнү Кудайдын эн белги кылып, чекебизге, жүрөгүбүзгө баскан сүйүүсү сактап калат. Ал сүйүүнүн жандырмагын, сырын чечмей — ал экинчи, үчүнчү,..бешинчи маселе.

"Агым" 25.07.2008

Маркум кесиптешибиз Мелис Эшимкановдун бул жазгандарын барактап, акылдын тереңдигине, калемдин кудуретине дагы бир ирет таң бердик. Айрымдары мындан 20 жыл мурун жазылса да, бүгүн да курч, маңызы бүгүнкүгө да шайкеш. Арабызда болбосо да, кесиптештеринин, шакирттеринин бир кездеги окурмандарынын, замандаштарынын эсинде элеси сакталары айныгыс.

Жаңылыктар түрмөгү
0