Окумуштуулар: оптимисттик көз караш менен жашагандар көп жашайт

Жазылуу
Гарвард университетинин окумуштуулары 70 миңден ашуун айымдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды иликтешкен.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жашоого оптимисттик көз караш менен караган айымдар депрессияга тушуккандарга караганда көп жашайт. Бул тууралуу Гарварддын окумуштуулары иликтеп чыккандагын РИА Новости агенттиги American Journal of Epidemiology журналына таянуу менен жазып чыкты.

АКШдагы Гарвард университетинин профессору Эрик Кимдин айтымында окумуштуулар 2004-жылдан 2012-жылга чейин 8-жыл бою медайымдар арасында жүргүзүлгөн иликтөө учурунда чогулган маалыматтарды изилдөөгө алышкан.

"Биздин иликтөөлөр адамдын психикалык абалы ден соолукка чоң таасир берээрин аныктады. Эгерде адам оптимисттик көз караш менен жашаса сергек жашоого үйрөнөт", — деди Эрик Ким.

Анын айтымында иликтөөгө 70 миңден ашуун медайым катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0