Айыл өкмөт башчысы: мүрзөлөрдү талкалоо фактысы такталган жок

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүВандалы повредили 14 крестов на Пискаревском мемориале
Вандалы повредили 14 крестов на Пискаревском мемориале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мүрзөлөрдү мазактоо фактысын тактоо максатында милиция кызматкерлери айыл тургундары менен сүйлөшүүдө.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Чүйдүн Арчалы айылындагы көрүстөндөрдү талкалоо фактысы аныкталган жок. Бул тууралуу Байтик айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Элмира Иманалиева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Мүрзө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Бука: башка диндеги кемпир элдин каршылыгынан мүрзөгө үч жолу көмүлдү
Бир аз мурда ЖМКларда Байтик айыл өкмөтүнө тиешелүү бул айылдагы христиан көрүстөнүндө жыгач кресттерди аралап, эстелик таштарды талкалап кеткендиги жазылган.

Иманалиеванын айтымында мүрзөлөрдү ошол аймактагы жайытта жүргөн мал бузуп коюшу мүмкүн. Бирок жерине барып текшерүү маалында мүрзөлөрду бузуу болбогону белгилүү болду.

Чүй райондук ИИБдин маалымат кызматы Аламүдүн районун милиция кызматкерлери аталган окуя боюнча тактоолорду жүргүзүп жатканын билдиришти. Бирок жарандар тарабынан мүрзөдөгү ээн баштык боюнча арыз түшкөн эмес.

Мурдараак Ош облусунда чөөлөр күмбөздөрдү казып, адам калдыктарын жеп жатканы тууралуу билдирүүлөр болгон. Ошондон кийин жергиликтүү бийлик чөөлөрдү атып жоготууну чечишкен, бирок аңчылар бир да чөөнү тапкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0