Атамбаев зилзаладан улам Индонезия башчысы менен элине көңүл айтты

© REUTERS / Antara Foto/ Irwansyah Putra/viaПоследствия землетрясение в Индонезии
Последствия землетрясение в Индонезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин кааларын билдирген.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдө болгон зилзаланын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Индонезия жетекчиси Жоко Видодого көңүл айтты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

"Кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атымдан Индонезиядагы зилзаланын кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп жазылган көңүл айтууда. 

Атамбаев жабыр тарткандардын тез сакайып кетишин кааларын билдирген.

Индонезиянын Суматра аралдарында болгон жер титирөөдөн 40тан ашуун жаран каза таап, жүздөгөн адамдар жарадар болгон. Маалыматта жер силкинүүнүн магнитудасы 6,5ке жеткени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0