Чүйдө дагы 24 мектеп карантинге жабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековОбъявление о карантине в одном из медицинских учреждений Бишкека. Архивное фото
Объявление о карантине в одном из медицинских учреждений Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аймагында грипп менен сасык тумоого кабылгандардын саны арбып жатат. Өткөн жумадан тарта мектептер карантинге жабыла баштады.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Чүй облусунда 7-декабрга карата жалпы 67 мектеп жабылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат катчысы Жылдыз Шеримбекова билдирди. 

Кыргызстандын аймагында грипп менен сасык тумоого кабылгандардын саны арбып барат. Буга байланыштуу өткөн жумадан тарта мектептер четинен карантинге жабыла баштады. 6-декабрга карата республика боюнча 141 мектеп жабылган.

"Учурда Чүй облусу боюнча жалпы 67 мектеп карантинге жабылды. Тагыраагы, Ысык-Ата менен Аламүдүн райондорунда — 23, Панфиловдо — 9, Сокулукта — 7, Жайылда — 4 жана Москва районунда — 1 мектеп жабылды. Ал эми карантинге жабылган бала бакчалардын саны төрттөн тогузга өстү", — деп билдирди Шеримбекова. 

Анын айтымына караганда, профилдик органдар кырдаалды көзөмөлгө алып жатат. Алар ооругандардын саны арбыган мекемелер аныкталса карантинге жабуу зарылдыгы боюнча билдирме берет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0