Окумуштуулар: күнүнө тартылган бир тамеки да өлүмдү жакындатат

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКурение в общественных местах
Курение в общественных местах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар аз өлчөмдө тартылган чылымдын дагы организмге чоң зыян алып келерин далилдешти.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Окумуштуулар организмге кирген чылым кандай гана өлчөмдө болбосун, өлүмгө эрте алып келерин далилдешти. Бул тууралуу JAMA Internal Medicine журналына шилтеме кылып РИА Новости билдирди.

"Биздин изилдөө тамекини өтө зыян деп улам-улам эскерткен дарыгерлердин сөздөрүн тастыктайт. Кичинекей өлчөмдөгү тамеки дагы ден соолукка олуттуу зыян алып келет. Ошондуктан бардык тамеки чеккендер бул адаттан баш тартканы оң", — дейт Бетесдеги (АКШ) ракты изилдеген Улуттук институттун өкүлү Маки Инуэ-Чои. 

Анын айтымында, азыркыга чейин айрымдар аз өлчөмдө тамеки чегүүнүн терс таасири жок деп эсептейт. Инуэ-Чои жана анын кесиптештери бул нерсени чын-төгүнүн изилдеп көрүшкөн. 

Алар DHS долбоорунун алкагында АКШнын Улуттук саламаттык сактоо кызматтары тарабынан такталган статистиканы анализдеп көрүшкөн. Ага АКШнын Батыш жана Чыгыш штаттарында жашаган 290дон ашык америкалык улгайган адамдар катышкан. Жарандар окумуштуулардын чалууларына жооп берүүгө, ден соолуктары жана зыяндуу адаттары тууралуу айтып берүүгө макулдук берген. 

Натыйжада алардын ичинде жүздөн ашыгы аз өлчөмдө тамеки чеккендери белгилүү болгон. Бирок көп тамеки чеккен адамдардын ден соолугу менен аз өлчөмдө чеккендердикин салыштырганда эч кандай айырмачылык болгон эмес. Күнүнө бир даана тамеки чегүү дагы өлүмгө алып келиши толук мүмкүн экени, ал эми өпкө рагына алып келүүсү тогуз эсе жогору экендиги аныкталган. Ошондой эле күнүнө 10 даана тамеки чеккендердин өлүмгө алып келүү ыктымалдыгы 87 пайызга, өпкө рагына алып келүү мүмкүндүгү 12 эсеге жогору болгондугу далилденген.

Жаңылыктар түрмөгү
0