Сары-Могол менен Кара-Тейитте мектеп ачылып, ага премьер катышты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков посетил социальные объекты в городе Токмок
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков посетил социальные объекты в городе Токмок - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы мектептерди курууга каражат келерки жылы 2016-жылга салыштырмалуу эки миллиард сомго жогорулаганын билдирди.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусундагы Алай районунун Сары-Могол жана Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылындагы мектептердин ачылышына катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сары-Могол айылы район борборунан 140 чакырымда, деңиз деңгээлинен 3100 метр бийиктикте орун алган.

Мектептүү болгон сары-моголдуктарды куттуктаган өкмөт башчы билимсиз муундун келечеги жоктугун айтты.

"Билим берүү тармагын колдоого алуу – бул өлкөнү өнүгүүгө алып бара турган туура жол. Билимдүү муунсуз Кыргызстандын келечеги жок, ошондуктан билим берүү тармагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынан", — деди Жээнбеков.

Премьер-министр мектептин жетекчилигине эки телевизор алууга сертификат тапшырды.

"Билим берүү тармагына республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жылдан жылга көбөйүүдө. Алсак, 2012-жылы билим берүүгө 21,6 миллиард сом бөлүнгөн болсо, 2016-жылы бул сумма 28,2 миллиард сомго чейин көтөрүлгөн. Ал эми 2017-жылы билим берүү тармагын каржылоо мектептердин курулушуна каралган каражаттарды эске албаганда, 2016-жылга салыштырмалуу 2 миллиард сомго жогорулаган", – деди өкмөт башчы.

Жээнбеков Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылындагы орто мектептин ачылышында окуучуларга кайрылып, алардын билим алууга умтулуп, келечекте өлкө өнүгүүсүнө салым кошчу жарандардан болуусун каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0