Сексопатолог Мамбетов: эркекти кызга айланткан жылдары катуу сынга кабылдык

© Фото / Гулдана ТалантбековаМедицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов
Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гомосексуал, трансвестит жана гермафродит деген эмне? Мындай адамдардын өзгөчөлүгү жана табияты кандай болорун журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

Медицина илимдеринин доктору, уролог-андролог жана сексопатолог Жаныбек Мамбетов ошондой эле эркек балдардын бир катар көйгөйлөрүнө токтолду.

— Урология илими деле ичинен бир топ тармакка бөлүнөт турбайбы. Маселен сексолог менен сексопатология боюнча адистерди чаташтырып жүргөндөр бар?

— Мен 1985-жылдан тарта медицина тармагында эмгектенип келем. Ал убакта жалпы жонунан урология, тагыраагы "уро" заара, "логос" илим деп эле аталчу. Кийин андрология, башкача айтканда эркектин органдарын изилдеп, аныктоочу бөлүм өзүнчө бөлүнүп чыкты. Ал эми сексолог көбүнчө секстин психологиялык жактарына басым жасайт. Сексопатология сексуалдык ооруларды, көйгөйлөрдү изилдеп дарылаган тармак. Азыр бул багыттар дагы өз ичинен майдаланат. Бирок тамырыбыз ар башка болгону менен жүрөгүбүз бир эле.

— Сизге гомосексуалдар тууралуу суроо бергим келип турат. Бул оорубу, адатпы же тубаса көрүнүшпү?

Конкурс бодибилдеров в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Апта ирмеми: ич кийимчен кыздардан базардын кулаган чатырына чейин
— Гомосексуализм бул бир мүчөлүүлүк. Башкача айтканда эркек эркекти карайт. Аял менен ал жашай албайт. Мурун мындайларды оорулуу деп ур-токмокко, куугунтукка алышчу. 1970-жылдары Американын сексологиялык коому буларды психологиялык оору эмес деп катардан чийип салган. Ошондон кийин оорукчан эмеспиз деп коом түзө башташат. Андан кийин үйлөнүп, балалуу болуу же асырап алуу жагын ойлонуштурушкан. Гомосексуалдар биздин менталитетке туура келбегендиктен коомчулук аларга терс көз карашта. Ошого карабастан орточо эсеп менен Кыргызстанда 15 миңден ашык гомосексуалдар бар. 

Бул көрүнүштү оору катары эч ким так аныктай элек. Айрым учурда түйүлдүк кезинде мүчүлүштүктөр кеткенде, радиациядан улам же тукумдан өтөт деген такталбаган маалыматтар айтылып кетет. 

— Кыргызда "кызтеке" деп айтылып келген. Ал эмне?

— Гермафродит деген бар. Булар табиятынан эки мүчө менен туулат. Мында аял-эркектин хромосомун текшерип, ошого жараша мүчөлөрүн өзгөртүп жүрүшөт.

© Фото / Гулдана ТалантбековаЖаныбек Мамбетов: бир бейтап бизге эки органы менен келди. Бирок жүрүш-турушу эркектикиндей, үнү дарылдап жоон. Жашы он экиде болчу. Азырынча паспорт ала элегине байланыштуу аны кайра жибердик
Доктор медицинских наук, уролог-андролог и сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жаныбек Мамбетов: бир бейтап бизге эки органы менен келди. Бирок жүрүш-турушу эркектикиндей, үнү дарылдап жоон. Жашы он экиде болчу. Азырынча паспорт ала элегине байланыштуу аны кайра жибердик

— Тубаса эки мүчө менен туулгандар кийин кайсынысын көбүрөөк тандап кетиши мүмкүн?

— Бир бейтап бизге эки органы менен келди. Бирок жүрүш-турушу эркектикиндей, үнү дарылдап жоон. Жашы он экиде болчу. Азырынча паспорт ала элегине байланыштуу аны кайра жибердик. Себеби ата-энесинин макулдугу менен мүчөсүн жасап койсок, кийин паспорт алганы келгенде аял эмес эркек болмокмун же тескерисинче болушу керек болчу деп даттанса юридикалык жактан биз утулуп калышыбыз мүмкүн.

— Азыр сиз эмгектенип жаткан Улуттук госпиталдын урология бөлүмүндө мындан 3-4 жыл мурун өзбек бала мүчөсүн алмаштырганын билебиз. Андан бери операция жасаткандар болдубу?

Медицина илимдеринин доктору, академик, дүйнөлүк ортопедияга салымы зор профессор Сабырбек Жумабековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Сабырбек Жумабеков: жигитине жагыш үчүн боюн узарткан кыздар бар
— Ал бала Өзбекстандан жасаттырбай бизге келген. Дароо эле алмаштырган жокпуз. Алгач түзүлгөн комиссия аркылуу юридикалык жактарын чечкенбиз. Мисалы, Камчыбек эртеси Жыпара болуп калса анын юридикалык түшүндүрмөлөрү болушу керек да. Ал жигит "макулмун, доом жок" деп тил кат берди, анан кызга айландырдык. Бирок коомчулуктун көз карашы бизге карата түз болгон жок. Түрдүү сындарды уктук. Дин жагынан да каргашалуу сөздөр айтылды. Андан кийин ошол өзбек бала Мосвкага жасалма төш салдырганы кеткен. Паспортторун да аялдын аты менен алган. Азыр жакшы жүрөм деп айтат экен. Андан бери эки кыргыз жигит мүчөсүн жасаттырган…

— Операция жолу менен жынысыңды алмаштыруу деле кыйын болсо керек?..

— Эркекти аял кылыш көп деле кыйынчылык жаратпайт. Мындан аялдан эркек жасаш оорураак болот. Татаал этаптар менен жүргүзүлөт.

— Анан жасагандан кийин балалуу боло алышабы?

— Жок. Эч кандай балалуу боло албайт.

— Консультацияга келип дарыгерлердин кеңешинен кийин нормалдуу эркек болуп кеткендер барбы?

— Жок, андай болгон жок. Организм баш ийбейт. 

© Фото / Гулдана ТалантбековаЖаныбек Мамбетов: тукумсуздук союз убагында бир жылда бир кездешсе биз үчүн чоң жаңылык болчу. Азыр бир жумада экиден кездешип жатат. Себептери — экологиянын бузулушу, дене-тарбия эмес жөн эле кыймылдын жоктугу, туура эмес тамактануунун кесепети
Доктор медицинских наук, уролог-андролог и сексопатолог Жаныбек Мамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жаныбек Мамбетов: тукумсуздук союз убагында бир жылда бир кездешсе биз үчүн чоң жаңылык болчу. Азыр бир жумада экиден кездешип жатат. Себептери — экологиянын бузулушу, дене-тарбия эмес жөн эле кыймылдын жоктугу, туура эмес тамактануунун кесепети

— Эркек балдардын тукумсуздугу акыркы кезде көп кездешкендей…

— Азыр тукумсуздук деген күн санап өсүп жатат. Маселен тукумсуздук союз убагында бир жылда бир кездешсе биз үчүн чоң жаңылык болчу. Азыр бир жумада экиден кездешип жатат. Себептери — экологиянын бузулушу, дене-тарбия эмес жөн эле кыймылдын жоктугу, туура эмес тамактануунун кесепети. Экинчиси, менталитет жагынан бизде уялчаактык бар. Жашырып жаап жүрө беришет же өз билгенинче дарылашат. Анан бизге өтүшүп кеткенде келишет. Ошон үчүн ооруну дарылагандан көрө алдын алган оңой болот деп айткым келет. 

Бизде илгертеден бери сызга отурба деп көрпөчөгө отургузчу, бутуңду жылуула, чийки суу ичпе деген жакшы кеңештерин айтып келишет. Ат үстүндө жүрүү жамбаштын этине желпиген сайын кандарды уютпай массаж катары кызмат кылчу. Албетте калориялуу тамак-аштын да таасири күчтүү болчу.

— Окурмандага жыйынтык сөз катары эмне деп айткыңыз келет?

Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары бөлүмүнүн дарыгери Жолчубек Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер Жумабеков: ангина жүрөк сыздатса, кулак-мурун оорусу мээге чабат
— Бизде элет жеринде урология боюнча адистер жетишпейт. Жок дегенде райондордо ачылса тукумсуздуктун алдын алат элек. Ал эмес, шаарда сексопатологго жетпей отурушат. Экинчи жагы тукумсуздар да балалуу боло алат. Ал үчүн урукту сактаган камералар керек. Маселен 20 жашында уругун сактап койсо болот. Оорукчан болуп калса же кудай сактасын, ары карап кетсе ата-энеси уругун алып тукумун улантып койсо болот. Ылдыйкы температурада тоңдуруп сактаган атайын камералар болот. Тилекке каршы, бизде андайлар жок. Ошондой болсо да балдарга айтаарым арак ичип, тамеки чекпегиле, сууга көбүрөөк сүзүп, жылуу жүргүлө. Жыныстык инфекциялык ооруларды жугузуп албаш үчүн бейтааныш адам менен сексуалдык катнашка барбагыла!

Жаңылыктар түрмөгү
0