Жергиликтүү кеңешке шайлоо учурунда жарандарга юридикалык жардам берилет

Жазылуу
Укук коргоочулар шайлоочуларга шайлоо маалында юридикалык кеңеш берүү үчүн "Тынымсыз байланыш" уюштурду.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. "Тынымсыз байланыш" жарандарга шайлоо укугу тууралуу маселеде кеп-кеңеш бере турганын "Бир Дүйнө Кыргызстан" укук коргоо уюму билдирди.

Вице-премьер Кыргызстана Жениш Разаков - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер шайлоо күнү коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды
11-декабрда 405 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Ушул эле күнү Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум дагы болот.

Укук коргоочулар мындай аракет жарандардын шайлоо укуктары боюнча маалымат берүүгө багытталып, ошондой эле шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл жасоо жана баа берүү максатында жүргүзүлүп жатканын белгилешти.

Юристтерге 5-18-декабрь аралыгында саат 9:00дөн 18:00гө чейин 0 (312) 31-76-71; 0 (778) 98-52-71; 0 (551) 96- 18-61 телефондору аркылуу кайрылып, кеңеш алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0