"Алкан" базарында жабыркагандардын бирине операция жасалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Алкан" базарындагы кулаган чатыр
Алкан базарындагы кулаган чатыр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Алкан" базарындагы кырсыктан беш адам жабыркап, ооруканага оор абалда түшкөн. Төртөө кайра жандандыруу бөлүмүнө жактырылган. Анын бирөөсүнө операция жасалды

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жандандыруу бөлүмүндө жаткандардын дагы бири палатага которулду. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда жандандыруу бөлүмүндө эки бейтап калды, алардын бирине ишемби күнү көк бооруна операция жасалган. Өткөн жумада реанимацияга түшкөндөрдүн алгачкысы палатага которулган.

"Операция болгон адамга уктатуучу дары сайып койгонбуз. Ойгоно элек. Ал эми хирургия, травматология, нейрохирургия бөлүмдөрүнө которулгандардын абалы салыштырмалуу жакшы болуп калды", — деди Кубатбеков.

Ошондой эле ал төртөөнөн сырткары дагы эки бейтап дарыгердин көзөмөлүндө экендигин билдирди.

"Аларды дагы көрүп, жардам бергенбиз. Учурда амбулатордук жол менен үйүндө дарыланып жатышат", — деди дарыгер.

Эске сала кетсек, 29-ноябрда эртең менен Бишкек шаарынын түндүк тарабында жайгашкан ири "Дордой" соода-базар комплексинин аймагынын субъектилеринин бири болгон "Алкан" базарындагы негизги өтмөктүн чатыры кулап, кишилерди басып калган. Кырсыктан беш адам жабыркап, ооруканага оор абалда түшкөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0