Чүй облусундагы 30 мектеп карантинге жабылды

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүӨспүрүмдүн температурасын өлчөп жаткан дарыгер. Архив
Өспүрүмдүн температурасын өлчөп жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы республика боюнча Чүй жана Жалал-Абад облусундагы мектептер карантинге жабылды.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Чүй облусу боюнча 30 мектеп карантинге жабылганын Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Алардын ичинде Ысык-Ата районунда — 16, Аламүдүн районунда — 7, Сокулук районунда — 2 жана Панфилов районундагы 5 мектеп бар.

"Жалпы республика боюнча Чүй жана Жалал-Абад облусундагы мектептер жабылды. Чүйдө 30 мектеп болсо, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы бир мектеп жабылды", — деп министрликтен маалымдашты.

Өлкөнүн калган аймактарындагы мектептер кадимки калыбында иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы бардык мектептер бүгүнтөн тарта 12-декабрга чейин сасык тумоодон улам карантинге жабылган.

Сасык тумоо менен ооруган учурда эмне кылуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0