ОШ, 5-дек. — Sputnik. Ефрейтордун өлүмү боюнча тергөө иши кечеңдеп, создуктурулуп жатат. Эки айда тергелип бүтүшү керек болсо, кылмыш иши козголгондон бери үч ай өттү. Бул тууралуу каза болгон ефрейтордун жактоочусу Муса Алыкулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.
Ал ошондой эле тергөө амалдары жай жүрүп жатканын айтып, эгерде адилеттүү чечим чыкпаса, анда ишти Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасынан алып, Башкы прокуратуранын Аскер прокуратурасына өткөрүп берүү боюнча өтүнүч келтирерин кошумчалады.
Маркумдун жактоочусу Муса Алыкулов аталган аскер бөлүгүнүн жетекчилерине, полковниктерге жаза чектөө керек деген пикирин билдирди.
"Бизди шектендирген жагдайлар өтө көп. Мисалы Эламан 18:30да каза болгон болсо, эмне үчүн аны шаардык ооруканага 20:30да алып келет. Мушташуудан жабыркаган Эламанды окуя болоор замат аскер бөлүктүн жетекчилери Тез жардам кызматын чакырып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келбестен, өздөрүндөгү госпиталга алып барышкан. Эмне үчүн? Ошол госпиталдагы фельдшер кызматкердин, аскер бөлүктүн командири Тимурлан Айтмаматовдун берген көрсөтмөлөрү бири-бирине такыр дал келбейт", — деди жактоочу.
Ал эми ефрейторду мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген аскер Заирбек уулу Бекболоттун жактоочусу Айсалкын Карабаева ал кордукка чыдабай өзүн коргоо үчүн мушташкан деген пикирин айткан болчу.