Бишкектеги өзбек элчилигиндеги шайлоо учурундагы коопсуздукту милиция камсыздоодо

© Фото / пресс-служа посольства Узбекистана в КыргызстанеШайлоо участогунда добуш берип жаткан жаран
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан жаран - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп, ага төрт партия катышууда.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкек шаарындагы өзбек элчилигиндеги шайлоо участкасындагы коопсуздукту КР ИИМдин мамлекеттик атайылаштырылган коргоо кызматынын өкүлдөрү менен Ленин РИИБдин кызматкерлери камсыз кылууда. Бул тууралуу элчиликтин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүүдө. Кыргызстандагы Өзбекстандын жарандары үчүн Бишкек шаарындагы элчиликте №8 участок ачылган

"Саат 15:00гө алынган маалымат боюнча шайлоочу катары катталган Кыргызстандагы Өзбекстандын жарандарынын 60 пайыздан ашыгы добуш берди", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ташкент убактысы боюнча саат 11:00гө алынган маалымат боюнча шайлоочу катары тизмеге кирген 20 миллиондон ашык жарандын 33 пайыздан көбү добушун берип, шайлоо өттү деп таанылганын РИА Новости агенттиги билдирди. 

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:00дө 9,3 миллион шайлоочу өз добушун берген.

Президенттик шайлоого катышып жаткан партиялар:

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Гүлнара Каримованын уулу: апам тирүү!
Либерал-демократиялык партиясы учурда Өзбекстандын президентинин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Шавкат Мирзиёевди, Улуттук-демократиялык "Миллий тикланиш" ("Улуттук жаралуу") Сарвар Отамурадовду, социалдык-демократиялык "Адолат" ("Адилет") Наримон Умаровду жана Өзбекстандын элдик демократиялык партиясы Хотамжан Кетмоновдун талапкерлигин сунуштаган. 

Эске сала кетсек, буга чейинки президент Ислам Каримов 78 жашында көз жумуп, такты бош калган. Ал эми өлкө башчылыктын милдетин убактылуу Шавкат Мирзиёевге жүктөлгөн. Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, өлкөдө 9381 участка даярдалган. Мындан сырткары, башка мамлекеттерде 44 шайлоо участкасы ачылган. Добуш берүү жергиликтүү саат 6:00дөн 20:00гө чейин болот. Саясат таануучулардын божомолунда өлкө башчылыкка Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Шавкат Мирзиеевдин мүмкүнчүлүгү жогорураак болуп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0