Таиланд эс алуучулар үчүн туристтик визага акы төлөөнү алып салды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүТаиланд. Город Паттайя
Таиланд. Город Паттайя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таиландга баруу үчүн эми Алматыдан акысыз виза алууга болот.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Таиланд чет элдик эс алуучулар үчүн виза үчүн акы төлөөнү алып салды. Бул тууралуу маалымат аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук маселелер боюнча сайттында жарыяланды. 

Паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөгө виза алуу оңойбу? Консулдун ишеничине кантип кирүүгө болот?
Маалыматка ылайык, 1-декабрдан тарта 2017-жылдын 28-февралына чейин бир гана жолу эс алууга барган бардык чет элдиктер визага акча төлөөдөн бошотулушту.

Андан сырткары, бул мезгил аралыгында Таиландга барганда бериле турган ички виза эки эсеге арзандады. Эс алууга барам деген кыргызстандыктар визаны алдын ала Алматыдан ала алышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0