Талас: үйлөнгөн жаш жубайлар той ордуна 30 балага кышкы күрмө алып беришти

© Фото / Бекжан ШыгаевБлаготворительная акция "Послужи Родине вместо того, чтобы тратиться зря" в Таласе
Благотворительная акция Послужи Родине вместо того, чтобы тратиться зря в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш жубайлардын "Чача бербей бекерге кызмат кылгын мекенге" иш-чарасы башкаларга үлгү болуу максатында жасалган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын жаңы үйлөнгөн тургуну Расул Манаппай уулу менен Мээрим Абасова тойго кеткен ашыкча чыгымдын ордуна, муктаж болгон кичинекей 30 бөбөккө жылуу куртка алып берди. Бул туурасында жаш-жубайлардын "Чача бербей бекерге кызмат кылгын мекенге" иш-чарасынын катышуучусу Бекжан Шыгаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

"Расул менен Мээрим ашыкча чыгым сарптабай, муну менен башка жаштарга үлгү көрсөтүү жана кайрымдуулук кылуу максатында жасап жатышат. Азыр жаштар жаңы эле нике кыйдырып, Талас облусунун администрациясынын алдына келип муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн 30 баласына ыроолонгон кийимдерди кийгизип чыгышты", — деп билдирди Шыгаев. 

© Фото / Бекжан ШыгаевБүгүн Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын жаңы үйлөнгөн тургуну Расул Манаппай уулу менен Мээрим Абасова тойго кеткен ашыкча чыгымдын ордуна, муктаж болгон кичинекей 30 бөбөккө жылуу куртка алып берди.
Бүгүн Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын жаңы үйлөнгөн тургуну Расул Манаппай уулу менен Мээрим Абасова тойго кеткен ашыкча чыгымдын ордуна, муктаж болгон кичинекей 30 бөбөккө жылуу куртка алып берди. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бүгүн Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын жаңы үйлөнгөн тургуну Расул Манаппай уулу менен Мээрим Абасова тойго кеткен ашыкча чыгымдын ордуна, муктаж болгон кичинекей 30 бөбөккө жылуу куртка алып берди.
© Фото / Бекжан ШыгаевЖаштардын мындай жакшы иш-чарасына өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлү Даир Кенекеев да катышкан.
Жаштардын мындай жакшы иш-чарасына өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлү Даир Кенекеев да катышкан. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жаштардын мындай жакшы иш-чарасына өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлү Даир Кенекеев да катышкан.
1/2
Бүгүн Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылынын жаңы үйлөнгөн тургуну Расул Манаппай уулу менен Мээрим Абасова тойго кеткен ашыкча чыгымдын ордуна, муктаж болгон кичинекей 30 бөбөккө жылуу куртка алып берди.
2/2
Жаштардын мындай жакшы иш-чарасына өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлү Даир Кенекеев да катышкан.

Жаштардын мындай жакшы иш-чарасына өкмөттүн Талас облусу боюнча өкүлү Даир Кенекеев да катышкан. 

Кенекеевдин айтымында, өкүлчүлүктүн атынан жаш жубайларга мындай кадамы үчүн ыраазычылык айтылды.

"Бул үлгү боло турган кадам баарынын эле колунан келе бербейт. Ушу тапта майыптарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жардам берүү боюнча бир айлык жарыяланган. Жубайлардын кайрымдуулугу дал ушул иш-чарага туш келди", — деди ал.

Шыгаевдин айтымында, белек тапшырыла турган кичинекейлер Бакай-Ата району жана ага жакын жайгашкан, андан сырткары Талас шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары. 

Расул жогорку окуу жайын Бишкектен быйыл бүтүп кичи мекенине келген, кесиби эколог, ал эми анын келинчеги Мээрим — программист.

Жаңылыктар түрмөгү
0