Кыргызстан Балыкчы — Корумду жолунун чырын иликтөөгө Кытайдан жардам сурады

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүРемонт дорог в Омске
Ремонт дорог в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолду реконструкциялоо боюнча тендерден чыккан чырдан улам Темир Сариев премьер-министрликтен кетип, Транспорт министри менен анын орун басары да ээрден шыпырылды.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Индира Жолдубаева кытайлык кесиптеши Цао Цзянмин менен жолугуп, Балыкчы — Корумду унаа жолунун реконструкциясына байланышкан кылмыш иши боюнча сурамдарды эртерээк карап чыгуусун өтүндү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлордун 14-жыйынынын алкагында Санья шаарында өттү. 

"Мында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча кылмыш ишти иликтөөгө Кытайдын укуктук жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Жолдубаева кытайлык кесиптешине кайрылып, сурамды эртерээк карап берүүсүн өтүндү", — деп айтылат маалыматта. 

Жол оңдоочулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Бишкек — Кара-Балта жол тендеринин мыйзамдуулугун текшерет
Тергөө боюнча сурам дипломатиялык каналдар аркылуу Кытайдын Жогорку элдик прокуратурасына жөнөтүлгөн. 

Аталган трассанын курулушу жалпы жонунан 6,8 миллион сомду түзөт. Реконструкция боюнча келишим "Лонг Хай" компаниясы менен түзгөн. Бул кытайлык ишкананын кызыкчылыгын көздөөгө байланышкан чырдын чыгышына негиз болуп, Темир Сариев премьер-министрликтен, транспорт министри Аргынбек Малабаев менен анын орун басары Улан Уезбаев кызматтан кетишкен. Учурда козголгон кылмыш ишин Башкы прокуратура иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0