Ак-Суудагы психикалык жактан жабыркагандардын ооруканасы жаңы ашканалуу болду

© Sputnik / Михаил ВоскресенскийШкольная столовая
Школьная столовая - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы имаратты куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 12 миллион 600 миң сом бөлүндү.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Ак-Суу райондук аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде ашкана жана кир жуучу жайдын жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Жекшенов билдирди. 

"Министрликтин системасында 16 социалдык стационардык мекеме (ССМ) бар. Аларда 2376 адам жашайт. Бардыгы совет доорунан берки, эскилиги жеткен. Менимче акырындык менен бардыгын оңдойбуз. Бүгүн майыптар күнүндө Ак-Суу ССМинин жашоочуларына кош майрам. Минтип жаңы ашкана жана кир жуучу жайга ээ болуп отурушат", — деди Жекшенов. 

Маалыматта айтылгандай жаңы имаратты куруу үчүн мамлекеттик бюджеттен 12 миллион 600 миң сом бөлүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0