Муфтият: борбордук мечиттин курулушу кийинки жылдын июнь айында бүтөт

© Sputnik / Акылбек БатырбековЖаңы курулуп жаткан мечиттин асмандан көрүнүшү
Жаңы курулуп жаткан мечиттин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, жаңы борбордук мечит Түркия мамлекетинин "Дианет" фонду тарабынан курулууда.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Президент аппаратынын жетекчисинин орун басары Аалы Карашев жана муфтий Максат ажы Токтомушев жаңы курулуп жаткан мечитке зыярат кылышып, андагы курулуш менен жеринде таанышты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. 

Бишкектеги борбордук мечиттин асмандан көрүнүшү. Көк тиреген мунаралар
Белгилей кетсек, жаңы борбордук мечит Түркия мамлекетинин "Дианет" фонду тарабынан курулууда.

Борбор Азиядагы эң ири мечитти куруп жаткан компаниянын Кыргызстандагы директору Саакинбей Пынарбашы Аалы Карашевге жана келген конокторго мечиттин курулушу 2017-жылдын июнь айларында бүтөрүн айтып, жарандар үчүн түзүлүп жаткан шарттар менен тааныштырды. 

Ал эми азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев мечит түрк эли менен кыргыз элинин алакасын бекемдеп, жалпы мусулмандар үчүн чоң белек болорун баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0